Кыргызстандыктар 8-апрель күнү эс алабы? Министрликтин жообу

Жазылуу
2018-жылдын 24-декабрында "Дем алыш күндөрдү жылдыруу" жөнүндөгү токтом кабыл алынган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар 8-апрель күнү дем алышка чыкпайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Бишкек шаарындагы Панфилов атындагы паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апрелдин алгачкы күнү кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт
Белгилей кетсек, 7-апрель - Элдик революция күнү катары календарда кызыл менен белгиленген. Бирок 7-апрель жекшемби күнгө туура келгендиктен кыргызстандыктар 8-апрель күнү эс алышы керек эле.

"Буга чейин өкмөт дем алыш күндөрдү рационалдуу колдонуу максатында 2018-жылдын 24-декабрында "Дем алыш күндөрдү жылдыруу" жөнүндөгү токтом кабыл алган. Ага ылайык, 8-апрель (7-апрель дем алыш күнгө туш келгендиктен 8-апрелге жылдырылат) 3-январь иш күнүнө жылдырылган. Буга байланыштуу 8-апрелде кыргызстандыктар кадимкидей эле жумушка чыгат", — дешти министрликтен.

Кыргызстандагы дем алыш жана майрам күндөрдүн календары менен таанышыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0