"Айыл банк" менен "РСК банктын" жетекчилиги иштен алынды

© AFP / Justin Sullivan / Getty ImagesЯрмарка вакансий HIREvent в отеле Whitcomb в Сан-Франциско
Ярмарка вакансий HIREvent в отеле Whitcomb в Сан-Франциско - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган эки банктын тең директорлор кеңеши 2018-жылы дайындалган, тагыраагы, дагы эки жылдык мөөнөтү бар болчу.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. "Айыл банк" ААКсынын акционерлери 29-март күнү банктын директорлор кеңешинин жана төрагасынын кызматтык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды. Ушундай эле кадамга "РСК банк" ААКсынын акционерлери дагы барышты. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан кабарланды.

Маалыматка караганда, учурда директорлор кеңеши жаңы курам шайланганга чейин милдетин аткарып жатат.

"Айыл банктын" төрагасы Кайрат Маматов менен "РСК банкынын" төрагасы Айбек Абдылдаев жетекчинин милдетин аткаруучу макамында иштөөдө. Жумуш үзгүлтүккө учураган жок", — деп түшүндүрүштү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан.

Финансы министрлигинин алдындагы бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Кылычбек Асеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Асеков: 2013-жылдан бери 29 млрд. сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди
Эки ишкананын тең директорлор кеңешин мөөнөтүнөн мурда бошотууга эмне себеп болгону айтылган жок. Ал эми кеңештин жаңы курамын тандоо боюнча чечим апрель айынын ичинде кабыл алынары белгилүү болду.

Тактай кетсек, "Айыл банк" жана "РСК банк" ААКтарынын акцияларынын 100 пайызы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна тиешелүү.

КР Улуттук банкы тууралуу мыйзамга ылайык, банктардын директорлор кеңеши үч жылдык мөөнөткө шайланат. Дал ушул кеңеш банктын төрагасын тандайт.

Аталган эки банктын тең директорлор кеңеши 2018-жылы дайындалган, тагыраагы, дагы эки жылдык мөөнөтү бар болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0