Президент өлкөнү санариптештирүү боюнча аракеттерге нааразычылыгын билдирди

Жазылуу
Учурда 47 мамлекеттик орган (59 маалымат базасы) "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына кошулган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Мамлекет башчысы өлкөнү санариптештирүүдөгү милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшүнө нааразычылык билдирип, кыска мөөнөттө активдүү өнүгүүгө жана санариптештирүүгө тоскоол болуп жаткан кемчиликтерди жоюуну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Руководитель пресс-службы мэрии Бишкека Гуля Алмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Алмамбетова: электрондук билет менен коопсуздук маселеси чечилет
Ага ылайык, мамлекет башчысы коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоевди, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Электрондук өз ара аракеттешүү борбору" мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды.

Анда өлкөдөгү санариптик трансформация боюнча чаралар жана милдеттер, ошондой эле 2018-жылдын 14-декабрында өткөн өлкөнү санариптик өнүктүрүү боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынынын чечимдерин аткаруунун жүрүшү талкууланды.

Учурда 47 мамлекеттик орган (59 маалымат базасы) "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына кошулган, 16 мамлекеттик органдын ортосунда маалымат алмашуу камсыз кылынды.

Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү негизги, артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0