Сел жүрүү коркунучу күч жерлерге тигүү үчүн көчөттөр таратылды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАкция по посадке леса в парке "Лосиный остров"
Акция по посадке леса в парке Лосиный остров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 13 342 даана көчөт берилген.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги "Жашыл долбоордун" алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сел жүрүү коркунучу жогору болгон жана эрозияга тушуккан аймактарды коргоо үчүн көчөттөрдү берди. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жалпысынан 13 342 даана көчөт берилген. Арасында терек, кайың, кара жыгач, тал, өрүк, бадам, жапайы алма менен алча бар.

Жалпылап айтканда, Жалал-Абад облусуна 1 110 даана, Ош менен Баткен облустарына 4 800, Нарын облусуна 2 632 даана көчөт берилген.

Көчөт жана уруктарды таратуу июнь айынын аягына чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0