Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЭлектр станциясы. Архив
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр жарыгын өчүрүү трансформатордук подстанциялардын иштешин текшерип, кемчиликтерди жоюу максатында болорун айтышты.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Эртең, 4-апрелде Бишкектин бир нече аймагында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 09.00-18.00 — Сүйүмбаев көчөсүндөгү №80 үй;
  • 09.30-13.00 — Каралаев көчөсүнүн бир бөлүгү;
  • 10.00-18.00 — Алтын-Ордо конушу;
  • 09.30-17.00 — Полиция шаарчасы конушу;
  • 09.30-18.00 — Киев көчөсүндөгү №49 үй, Чүй проспектиси, Фучик, Бейшеналиева көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 09.30-18.00 — Репин, Кең-Суу, Сандык-Тор, Сары-Булуң көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 09.00-18.00 — Табалдиев, Медеров, Панфилов көчөлөрүнүн бир бөлүгү.
Жаңылыктар түрмөгү
0