"Коопсуз шаар" долбоорунан бир айдын ичинде канча каражат түшкөнү айтылды

© Sputnik / Нурис АлымбаевЦентр мониторинга ГЧП "Безопасный город" ГУОБДД КР
Центр мониторинга ГЧП Безопасный город  ГУОБДД КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККББнын жетекчиси айдоочулар көбүнчө кайсы эрежелерди бузарын дагы айтып берди.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору 12-февралдан тарта ишке кирген. Бирок жол эрежесин бузган айдоочуларга 4-марттан тарта гана айып салына баштады.

Бир айдын ичинде эреже бузган айдоочулар канча каражат которгону тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Исаев маалымат берди.

Анын айтымына караганда, 4-марттан 3-апрелге чейин салынган жалпы айыптын 34 пайызы төлөндү.

"Бир айдын ичинде "Коопсуз шаардын" камералары 38 миң 893 эреже бузууну каттады. Алардын ичинен 13 миң 371 айдоочу айып пулду төлөдү. Натыйжада 18 миллион 809 миң 250 сом топтолду", — деди ал.

Автомобильный затор в день черной пятницы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар": өкмөт мобилдик тиркеме иштеп чыкты
Исаев ошондой эле айдоочулар көбүнчө кайсы эрежелерди бузарын маалымдады.

"Айдоочулар көбүнчө ылдамдыкты көрсөтүлгөн нормадан ашырып айдашат. Ошондой эле жол белгилерин карашпайт. Жол чырактын кызыл түсүнө өтүп кеткендер дагы арбын", — деп кошумчалады ал.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары иштегенден бир сутка өткөндөн кийин 761 эреже бузуу катталган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0