Жаштайынан ичимдикке ыктагандар кандай кемтик менен өсөрү айтылды

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүСыра ичип жаткан адамдар. Архив
Сыра ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар 72 макака маймылына атайын эксперимент жүргүзгөн.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Орегон штатындагы илимий медицина университетинин окумуштуулары спирт ичимдиктери өспүрүмдөрдүн мээсинин иштөөсүнө терс таасир гана бербестен, боюнун өсүшүн да жайлата турганын аныкташты. Бул тууралуу eNeuro журналы жазды.

Беременная женщина - Sputnik Кыргызстан
Тамеки тарткан кош бойлуу аялдын кыздары төрөбөй калары айтылды
Изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын бири Кристофер Кронка мындай жыйынтык 72 макака маймылына жасалган эксперименттин жыйынтыгында алынганын айтты. Жаныбарлардын жашы үч жаштан беш жашка чейин болгон. Бул өз кезегинде өспүрүмдөрдүн курагына туура келет. Маймылдар эки топко бөлүнүп, жарым жыл кармалган. Биринчи топтогу маймылдарга кадимки суу берилсе, экинчи топтогулар спирттин аралашмасын ичкен.

Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин маймылдар атайын магниттик-резонанстык томографиядан өткөрүлгөнү айтылат. Спирт кошулган суу ичкен жаныбарлардын мээсинин өрчүшү жайлап, денесинин өсүшүндө да көптөгөн көйгөйлөр пайда болгон. Ичилген бир грамм спирт нервдин өсүшүн 0,25 куб сантиметрге жайлаткан.

Ал эми спирт кошулган суу ичпей калгандан кийин маймылдардын өрчүп, өнүгүү процесси калыбына келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0