БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жаңы төрөлгөн ымыркайларды саткан, мыйзамсыз аборт жасаган жана документ жасалмалаган деп айыпталган гинекологдордун кезектеги процесси өттү.
2018-жылдын 7-сентярында бала сатууга жана мыйзамсыз аборт жасоого шектелип бир нече гинеколог кармалган. Жалпысынан сегиз дарыгер айыпталганы маалым. Sputnik Кыргызстан агенттигинин укук коргоо органдарындагы өздүк булактарынын маалыматы боюнча күнөөлөнгөндөрдүн үчөө №1 жана 18 үй-бүлөлүк медицина борборунда жана №4 төрөт үйүндө иштегендер болуп чыккан.
Буга чейин М.Ш. аттуу күбөлөрдүн бири сотто Э. М. аттуу чала тааныш аял башында уул баланы багып алууну сунуштап, кийин аны 3 миң долларга сатканын, ал "Орто-Сай" базарында сатуучу болуп иштей турганын айткан.
"Жанымдагы контейнерде ымыркайлардын кийимин сатышчу. Бир күнү эле ал жакта иштеген аялдын Э.М. деген кызы жумушка чыгып калды. Аны менен сүйлөшүп калып көп жылдардан бери боюнда болбой кыйналып жүргөн туугандарым бала асырап алууну пландап жатышканын айттым. Андан кийин башка нерселер тууралуу сүйлөшүп калдык", — деди күбө.
М.Ш. аттуу аялдын айтымында, бир нече күндөн кийин Э.М. телефон чалып, бала асырап алуу тууралуу сүйлөшүү болгонун эстетип, уул баланы 3 миң долларга сатып алууну сунуштаган. Бала сатып алууну каалаган адамдар дароо макул болушкан. Күбө ошондой эле Э.М. менен шаардагы кичирайондордун биринде жолугушуп, ал баланы жана андан баш тартуу тууралуу катты алып келип бергенин айтты. Дарыгерлерге болсо акча бир нече күндөн кийин берилген.
Кечээки отурумда "бала асырап алган" В.К. сотко он жылдан ашык мезгилден бери балалуу боло албай, жолдошу менен ажырашып кеткендигин дагы айткан. Ал узак убакыт Бишкекте дарыланып, андан соң чет өлкөгө иштегени чыгып, Россиянын жарандыгын алган. Келин 2016-жылы Кыргызстанга кайра дарыланууну улантуу үчүн кайтып келген. Бирок майнап чыккан эмес. Ошондо ал бала асырап алууну пландап, агасына айткан. Ал келинчегинин тууганы М.Ш. менен ушул тууралуу сүйлөшкөн.
"Мага баланы сата турган таанышымдын дарыгери бар деп кабарлашты, мен макул болдум. Ошондо 3000 доллар керек дешти. Мен эч нерсени сурабастан бердим. Акчаны сүйүнчү деп ойлогом. Баланы айылга алып кеттип, ата-энеме көрсөттүк. Аны мен мыйзамдаштырып туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышым керек болгон. Консулдукка келип врач берген документтерди тапшыргам. Кийин мага чалып даяр болду дешти. Ал жакка келгенде милиционерлер мени кармашты ", — деди В.К.Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунун акушер-гинекологунун иши боюнча дагы бир Ж.О. аттуу күбө сотко балалуу боло албай жаткан бир бейтапка жардам берип кесиптешине алып келгендигин билдирди.
"2014-жылдан бери менде бир келин көзөмөлдөн өтүп жүргөн. Ал үч жолу көз жарып, бирок балдары оорудан улам чарчап калып жаткан. Акыркы баласы чарчап калганда кайра-кайра телефон чалып, жумушка көп келе баштаган. Бала таап берүүнү суранды. Анда мен ага балдар үйүнө кайрылуусун сунуштадым. Келин ал жакта узун кезек бар экенин жана балдар оорулуу болушу мүмкүн экенин айткан", — деди ал.
Кийин алар жолугушуп бала таап беришкен. Ымыркай канчага жана кандай шарттарда сатылганы белгисиз.
Мындан сырткары, Э.Ч. камакка алынган дарыгерлердин бири. Бирок ал белгисиз себептер менен үй камагына чыгарылган. Ошондой эле ал мурдагы жетекчиси менен соттошууда.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 225 кишиден коронавирус табылып, 173 бейтап оорудан сакайып кетти. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 92 320га жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 229 болду.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус эки кишинин өмүрүн алган. Анын бири Бишкектен болсо, экинчиси Чүй облусунун тургуну. Көз жумгандардын жалпы саны 1 557ге жетти.
Азыркы тапта өлкө боюнча ооруканаларда 1 236 бейтап илдет менен алпурушуп жатса, үйүндө 1 324 киши дарыланууда.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Савай айылынын тургундары менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу билдирүү таратты.
Кечээ, 19-апрелде, кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы Кара-Суу районундагы Савай айыл округунун Ынтымак айылынын калкы менен жолугушкан.
"Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы Шарихансай каналынын башталышындагы 20 гектар жерди №34 протоколдо көрсөтүлгөн 50 гектар жер менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынды. Камчыбек Ташиев өзбек тарап менен кезектеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ынтымак айылында калган 30 гектар жерди өзүбүздө сактап калуу маселесин талкууламакчы", — деп айтылат маалыматта.Ошондой эле Ташиев суу ресурсу тургундарга толук жеткиликтүү болорун убадалаган. Тагыраак айтканда, жергиликтүү тургундар балык уулап, суу алып, мал сугара алышат. Бул протоколдо өзүнчө пункт менен бекитилген.
Эске салсак, Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бер нааразычылык акциясын өткөрүп келген. Жергиликтүүлөр ал тилке суунун башы экенин, жайыт катары колдонуларын айтып, боз үйлөрдү тигип отуруп алышкан.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кара-Балтада белгисиз адамдар автоунааны аткылап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
Бүгүн, 20-апрелде, саат 08:00дөр чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Б.Н. аттуу жарандын короодо токтоп турган унаасын белгисиз адамдар аткылап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлерине 45 жаштагы Б.Н. түнкү саат 03:30дар чамасында катуу үн угуп, бирок маани бербегенин, эртең менен унаасын көргөндөн кийин гана милицияга кабарлаганын айткан. Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага эки ирет ок чыгарылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду. Тергөөнү ИИМ менен ИИББ жетекчилери көзөмөлдөөдө.
"Окуяга эмне себептен милициянын жетекчилиги көңүлүн бурду" деген суроого ИИББдин маалымат кызматы буга ок атуучу куралдын колдонулганы себеп болгонун билдирди.
ЖМКлардын маалыматына караганда, автоунааны саясий партиялардын биринин лидери аткылап кеткен. Айрым маалыматтар боюнча, кеп "Элдик-Народная" партиясын жетектеген Назми Бадалова жөнүндө болуп жатат.