КР президенти Сооронбай Жээнбековдун РФ лидери Владимир Путинге тартуулаган аргымак менен тайган

Жээнбеков Путинге тартуулаган аргымак менен тайган эмне болду? Элчинин жообу

4793
(жаңыланган 15:05 04.04.2019)
Россиянын элчиси белек күтүүсүз болгонун белгиледи.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Sputnik радиосунун эфиринде КР президенти Сооронбай Жээнбековдун РФ лидери Владимир Путинге тартуулаган аргымак менен тайган учурда кайда экенин айтып берди.

Эскерте кетсек, жандыктарды президент 28-мартта, Путиндин мамлекеттик сапарынын соңунда, белек кылган.

"Адатта тартууланчу нерсе алдын ала макулдашылбайт. Абдан күтүүсүз болду! Шерхан деп аталган тайган Россияга жеткирилди, ал эми аргымактын маселесин тийиштүү ведомстволор чечет. Жылкы азырынча Кыргызстанда", — деди Удовиченко.

Жээнбековдун тартуусун алигиче көрө элексизби? Арманда калбай, видеону көрүп коюңуз!

4793
Белгилер:
тайган, аргымак, Владимир Путин, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары (52)
Тема боюнча
Путин башка президенттерден эмне белек алган. Сүрөттөр
Путин Жээнбеков тартуулаган аргымакка жем берип, тайганды сылады. Видео