Депутат Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасын менчикке сатууну сунуштады

© Фото / Пресс-служба Минздрава КРСтроительство больницы кыргызско-турецкой дружбы в Бишкеке
Строительство больницы кыргызско-турецкой дружбы в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сулайманов бул оорукананы Кыргызстан өзү жакшы башкара албай турганын айтты.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Бишкектеги Фучик көчөсүндөгү кыргыз-түрк достугуна арналып курулган оорукананы жеке менчикке сатуу керектигин жалпы жыйында айтты.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жон терим менен сездим. Медицинаны акы төлөөгө өткөрүү керек экен
Бүгүн депутаттар "2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз өкмөтү менен түрк өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууруалуу" мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карашты.

Эл өкүлү бул оорукана мамлекеттин карамагына өткөндөн кийин аны биздикилер иштетип кете албайт деген пикирин билдирди.

"Муну бүтүрүп туруп, ага кеткен бардык каражатты жана өзүнүн баасын чыгарып жеке менчикке сатуу керек. Сатып жиберсеңер, ошол менчик тарап оорукананы жакшы иштетет. Беш жылдан бери куруп өзүңөргө өткөрүп ала албагандан кийин кантип иштетесиңер?" — деп Сулайманов суроо салды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев депутаттын оорукана качан курулуп бүткөнү боюнча суроосуна бир жыл мурда толугу менен аяктаганын, бирок имараттын ичине керектүү жабдуулар коюла электигин билдирди.

Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Экс-президенттин кол тийбестигиби же аны жоопко тартуубу? Парламенттеги талкуу
"Имарттын даяр болгонуна бир жыл болду, анын курулушу 2014-жылы башталган. Баш-аягы беш жыл болду", — деди ал.

Депутат Алтынбек Сулайманов "Беш жылдан бери кагазын бүтүрө албаган кандай мамлекетпиз, буга ким жооп берет?" деп маселе көтөрдү.

Ал эми эл өкүлү Акылбек Жапаров оорукананын пайдубалы 2007-жылдан тарта түптөлө баштаганын, ошол жылы капиталдык салымдарга кирип кыргыз өкмөтү өзү курам дегенин айтты.

"11 жылдан бери эми араң бүтөйүн деп жатат. Оорукана ачылганда биринчи кезекте ошол жерде иштеген дарыгерлерге артыкчылык берилиши керек. Ошолор ишке алынышы керек. Мисалы, Фучиктеги оорукананын башкы дарыгери жаңы ооруканага башкы дарыгер болушу керек. Мына силер жаңы оорукананын башкы дарыгерлигине "өзүмдүн таанышымды алып келем" деп жатып эки жылдан бери бүткөн оорукананы ача албай жатабыз", — деди Жапаров.

Министрдин орун басары Каратаев эгер бардык документтер учурунда бүтсө, 2019-жылдын үчүнчү кварталында ачылышын жасоо пландалып жатканын билдирди.

Оорукана негизинен 150 кишиге ылайыкташып, заманбап диагностикалык жабдуулар коюлмакчы. Толук курулуп бүткөндөн кийин Бишкек мэриясынын карамагына берилери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0