УКМК элдин жазышкан каттарын, сүйлөшүүлөрүн аңдууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүКомпьютерде отурган адам. Архив
Компьютерде отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурдагы мыйзамга ылайык, атайын кызматтар ыкчам иликтөө иштеринин негизинде байланыш операторлорунан абонент тууралуу маалымат жана биометрикалык маалыматтарын ала алат.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) чалгындоо жана контрчалгындоо иш-чараларында алардын укуктарын кеңейтүүнү сурап жатат.

"Кыргыз Республикасынын чалгындоо жана контрчалгындоо ишмердүүлүгү боюнча мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү" тууралуу өкмөттүн долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документ "чалгындоо жана контрчалгындоо ишмердүүлүгүнүн мыйзам чыгаруу базасын түзүү, улуттук коопсуздук боюнча кызыкчылыктардын корголушун керектүү деңгээлге жеткирүү жана кармап туруу" максатында иштелип чыкты.

Долбоордун салыштырмалуу таблицасында "Тергөө судьясынын ыйгарым укуктары" беренеси тууралуу дагы айтылган.

"Тергөө судьясы телефон аркылуу жана башка сүйлөшүүлөр, кат алышууларга байланыштуу контрчалгындоо ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча чечим кабыл алууга укуктуу", — деп айтылат документте.

Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Экс-президенттин кол тийбестигиби же аны жоопко тартуубу? Парламенттеги талкуу
Негиздемеде жазылганына караганда, жогорудагы иш-чаралар аткарылып жатканда жарандардын конституциялык укуктары боюнча маселе жаралышы мүмкүн. Андыктан иликтөө иштери учурунда контрчалгындоо ишмердүүлүгү менен алектенген башка органдар дагы аралаша алат.

Мындан тышкары, тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иштерине зарыл болгондо жарандардын биометрикалык маалыматарын ээсинин уруксаты жок алуу сунушталууда.

Учурдагы мыйзамга ылайык, атайын кызматтар ыкчам иликтөө иштеринин негизинде байланыш операторлорунан абонент тууралуу маалымат жана биометрикалык маалыматтарын ала алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0