Радар орнотулган Кыргызстандын жерлери. Тизме

© Sputnik / Нурис АлымбаевУстановка камер фиксаций нарушений ПДД в Бишкеке
Установка камер фиксаций нарушений ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Вега" компаниясынан "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы 12-майда аяктарын айтып жатышат.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 25 жерге аппараттык-программалык комплекстер (радарлар) орнотулган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине "Вега" концернинен кабарлашты.

Бүгүнкү күндө радар борбор калаадан сырткары 14 жерге, Бишкек — Торугарт жана Бишкек — Чалдовар жолуна, тогуз кесилишке, борбордогу эки көпүрөнүн алдына коюлду.

Тиешелүү процедуралардын кийин радарлар иштеп баштайт.

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн кесилишине орнотулган радарлардын тизмеси:

  • Бөкөнбаев көчөсү – Манас проспектиси;
  • Чүй — Манас проспектилери;
  • Чүй — Павлов көч.;
  • Жибек Жолу — Манас проспектиси;
  • Махатма Ганди — Боталиев көчөсү;
  • Жибек Жолу пр. — Курманжан датка көчөсү;
  • Ахунбаев — Байтик Баатыр көчөлөрү;
  • Чүй — Абдрахманов көчөсү;
  • Байтик баатыр — Горький көчөлөрү;
  • Шабдан Баатыр көчөсүндөгү көпүрө;
  • Ибраимов көчөсүндөгү көпүрө.

Бишкек — Торугарт жолундагы радарлар:

  • 17,7-чакырымда, болжолдуу жери — "Газпром" май куюучу бекети;
  • 18,8-чакырымда, Люксембург айылы, болжолдуу жери — "Бишкек Петролеум" май куюучу бекети;
  • 20-чакырым, Люксембург айылы, Ленин — Западный көчөлөрүнү кесилиши;
  • 25-чакырым, Кант шаары, болжолдуу жери — "Газпром" май куюучу бекети;
  • 31,7-чакырым, Красная речка айылы, болжолдуу жери — Ленин көчөсү, 151;
  • 39,8-чакырым, Ивановка айылы, болжолдуу жери — Ленин көчөсү, 238;
  • 47-чакырым, Дружба айылы, Ленин — Чүй көчөлөрүнүн кесилиши;
  • 154,3-чакырымда;
  • 160-чакырымда.

Бишкек — Чалдовар жолундагы радарлар:

  • 61,6-чакырымда, Кара-Балта шаары, "Мээрим" дүкөнүнүн жанында;
  • 66-чакырым, Алексеевка айылы;
  • 67,3-чакырым, Вознесеновка айылы;
  • 74-чакырым, Панфиловка айылы;
  • 78,2-чакырым, Панфиловка айылы.

"Вега" компаниясынан "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы 12-майда аяктарын айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0