Төрт эм төрөгөн 27 жаштагы Нурайым: төрт жыл балалуу боло албай жүрдүк

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНурайым Рысмат кызы, которая родила четверню в Бишкеке
Нурайым Рысмат кызы, которая родила четверню в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
32 жаштагы Азамат Сманов жана 27 жаштагы Нурайым Рысмат кызы төрт жылдан бери бала жытына зар болуп, ушул жылдын 25-февралында төрт эмдин бактылуу ата-энеси болушкан. Алар кечээ Бишкек шаардык перинаталдык борборунан аман-эсен үйүнө чыкты.

Үй-бүлөгө президент үй алууга 2 миллион сомдук сертификат тапшырып, эне менен балдарды балдарды төрөт үйүнөн президенттин аппарат өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана саламаттык сактоо министри чыгарып, акчалай каражат, белек-бечкектерин беришкен.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жаш үй-бүлөнүн жакшылыгы менен бөлүшкөнчө, наристелердин ал-абалын сурап келди.

Биз барган учурда төрт эмди төрөт үйүнөн чыгарып барган коноктор жаңы эле кетиптир. Алдыбыздан ымыркайлардын чоң энеси тосуп алды.

"Буга чейин башка батирде турушчу. Ал жак тар болгондуктан, балдарга карап эки бөлмөлүү ушул батирге көчүп, бүгүн эле кирдик", — деди чоң эне Селки Сманова.

Аялдын кубанычы койнуна батпай турган кези, анткени төрт эм анын биринчи неберелери экен. Ал балдарга карап Таластан келип, келини көз жаргандан бери Бишкекте жүргөнүн айтты.

— Канча балаңыз бар?

— Беш балам бар. Төрт эмдин атасы Азамат кыздан кийинки уул. Андан кийин да үч балам бар. Жолдошум 13 жыл мурун өтүп кеткен. Беш баланы жалгыз тарбиялап өстүрүп, эми минтип урматын көрүп жатам.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваТөрт эмдин чоң энеси Селки Сманова: чынын айтсам, ишенген эмесмин. Угуп алып ичимен бирде сүйүнүп, бирде аман-эсен төрөлсө экен сарсанаа да болуп жүрдүм.
Төрт эм төрөгөн 27 жаштагы Нурайым: төрт жыл балалуу боло албай жүрдүк - Sputnik Кыргызстан
Төрт эмдин чоң энеси Селки Сманова: чынын айтсам, ишенген эмесмин. Угуп алып ичимен бирде сүйүнүп, бирде аман-эсен төрөлсө экен сарсанаа да болуп жүрдүм.

— Төрт эм төрөлөрүн качан билдиңиз? Алгач укканда таң калдыңызбы?

— Чынын айтсам, ишенген эмесмин. Угуп алып ичимен бирде сүйүнүп, бирде аман-эсен төрөлсө экен сарсанаа да болуп жүрдүм. Эч кимге айткан жокмун. Бирок эл деген эл да, туугандар угуп алып "кантип бизге айтпай жүрдүң" дешти. 

— Ымыркайлардын ысымдарын өзүңүз койдуңузбу?

45-летняя Чынара Исманова родила тройню - Sputnik Кыргызстан
45 жашында үч эм төрөгөн Чынара Исманова: көрүнбөгөн көзү ачыгым калган эмес
— Ооба, бир эркек, үч кыз төрөлдү деп уккандан кийин эле уулуна дароо эле ысым ыйгарып коеюн дедим. Өлкө башчыбыздай эл керегине жараган эр-азамат, оор басырыктуу жакшы адам болсун деп Сооронбай атадык. Негизи аман-эсен төрөлсө президенттин атын берели деп мурда эле ойлонуп жүргөм. Кыздардын аттарын андан кийин Арууке, Акбермет, Айчолпон деп койдук.

Чоң энеси менен сүйлөшкөндөн кийин ымыркайлар жаткан бөлмөгө баш бактык. Куурчактай болгон үч кыз бир керебетте, эркек бала өзүнчө керебетте жатыптыр. Баары уктап, бир эле кызы көзүн ачып жаткан экен. Апасы Нурайым аны көрсөтүп "бул тың, жаны тынбайт. Баары уктап жатса, көзүн ачып алыптыр" деп күлдү.

Наристелер жарык дүйнөгө операция жолу менен келген. Апасынын айтымында, кыздары болжол менен 1 килограмм 400 грамм болсо, уулу 1 килограмм 700 грамм болуп төрөлүптүр. Бирок азыр баары тең салмак кошуп, торолуп калганы көрүнүп турат. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваКуурчактай болгон үч кыз бир керебетте, эркек бала өзүнчө керебетте жатыптыр. Баары уктап, бир эле кызы көзүн ачып жаткан экен. Апасы Нурайым аны көрсөтүп "бул тың, жаны тынбайт. Баары уктап жатса, көзүн ачып алыптыр" деп күлдү.
Төрт эм төрөгөн 27 жаштагы Нурайым: төрт жыл балалуу боло албай жүрдүк - Sputnik Кыргызстан
Куурчактай болгон үч кыз бир керебетте, эркек бала өзүнчө керебетте жатыптыр. Баары уктап, бир эле кызы көзүн ачып жаткан экен. Апасы Нурайым аны көрсөтүп "бул тың, жаны тынбайт. Баары уктап жатса, көзүн ачып алыптыр" деп күлдү.

— Бешик бооңор бек болсун! Аман-эсен үйгө чыгып алыптырсыздар?

— Рахмат. Төрөтканада бир ай, бир жума жаттык. Бул аралыкта балдар торолуп кетсин деп эч кимге деле маек курган жокпуз. Жаңы төрөлгөндө балдар реанимацияда болчу. Дарыгерлер өз баласындай жакшы карап торолтуп беришти. Ыраазымын баарына.

— Көпчүлүгү төртөөнү жасалма уруктандыруу (ЭКУ) жолу менен төрөдү го деп ойлоп жатышат...

— ЭКУ жолу менен эмес, өзүм төрөдүм. Жолдошум экөөбүз төрт жылдан бери балалуу боло албай жүргөнбүз. Дарыланып, анан боюма бүттү.

— Сиз же жолдошуңуз тарапта эгиздер бар беле?

— Мен жакта эгиз туугандар бар. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНурайым Рысмат кызы: ЭКУ жолу менен эмес, өзүм төрөдүм. Жолдошум экөөбүз төрт жылдан бери балалуу боло албай жүргөнбүз. Дарыланып, анан боюма бүттү.
Төрт эм төрөгөн 27 жаштагы Нурайым: төрт жыл балалуу боло албай жүрдүк - Sputnik Кыргызстан
Нурайым Рысмат кызы: ЭКУ жолу менен эмес, өзүм төрөдүм. Жолдошум экөөбүз төрт жылдан бери балалуу боло албай жүргөнбүз. Дарыланып, анан боюма бүттү.

— Төрт бала төрөрүңүздү күтпөсөңүз керек. Төрт эм экенин качан уктуңуз?

— УЗИге биринчи тартылганда эгиз деп айтышты. Бир айдан кийин барганда "үч эм экен, бирок дагы бир чекит турат, эки саттан кийин дагы тарталычы" деп калышты. Кайра түшсөм, төрт бала болуп чыкты. Чынын айтсам, нес болуп калдык.

— Төртөөнү көтөрүп жүрүү сезимдери да башкача болсо керек?

— Алты айга чейин жакшы эле көтөрүп жүрдүм. Жетинчи айга кеткенде кыйнала баштадым. Түйүлдүктөр чоңойгон сайын оор экен. Бир ай ооруканада жатып анан көз жардым. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНурайым Рысмат кызы: УЗИге биринчи тартылганда эгиз деп айтышты. Бир айдан кийин барганда "үч эм экен, бирок дагы бир чекит турат, эки саттан кийин дагы тарталычы" деп калышты. Кайра түшсөм, төрт бала болуп чыкты.
Төрт эм төрөгөн 27 жаштагы Нурайым: төрт жыл балалуу боло албай жүрдүк - Sputnik Кыргызстан
Нурайым Рысмат кызы: УЗИге биринчи тартылганда эгиз деп айтышты. Бир айдан кийин барганда "үч эм экен, бирок дагы бир чекит турат, эки саттан кийин дагы тарталычы" деп калышты. Кайра түшсөм, төрт бала болуп чыкты.

— Жолдошуңуз кандай кабыл алды?

— УЗИге экөөбүз барганбыз. Төрт эм дегенди укканда ишене албай бир кызыктай болду. Ошол күндөн бери эле нес болуп жүрөт (күлүп).

Биз барган учурда Нурайымдын жолдошу Азамат сыртка чыгып кетиптир. Өзү менен сүйлөшө алган жокпуз. Азаматты кеп кылып жатсак, ары жакта отурган кайненеси сөзгө аралаша кетти.

— Күйөө балам азыркыга чейин өзүнө келе элек. Бала төрөлгөндөн бери экөөбүз жанында жүрдүк да. Жети айга аз калганда күтүүсүз жерден эле кызымдын толгоосу башталып калды. Аябай шишип кеткен. Кан басымы көтөрүлүп, суусу кетип төрөдү. Көз жаргандан кийин балдар дароо реанимацияга жаткырылды. Анан балдарын көрүп чыккандан кийин атасы аябай ыйлаптыр. Жакшы болуп кетсе экен деп кыжалат, сарсанаа болуп жүрдү. Азыр деле өзүнө жакшы келе элек. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваТөрт эмдин чоң энеси Селки Сманова: өлкө башчыбыздай эл керегине жараган эр-азамат, оор басырыктуу жакшы адам болсун деп уулду Сооронбай атадык.
Төрт эм төрөгөн 27 жаштагы Нурайым: төрт жыл балалуу боло албай жүрдүк - Sputnik Кыргызстан
Төрт эмдин чоң энеси Селки Сманова: өлкө башчыбыздай эл керегине жараган эр-азамат, оор басырыктуу жакшы адам болсун деп уулду Сооронбай атадык.

— Нурайым, буга чейин кайда иштечү элеңиз?

— Медициналык училищени аяктагам, кесибим боюнча медайыммын. Бирок ал кесип менен бир аз эле иштеп чыгып кеттим. Төрөгөнгө чейин майда-чүйдө жумуштарда эле жүрдүм.

— Жолдошуңузчу?

— Ал деле курулуш тармагында эмгектенчү, кара жумуштарда эле. Азыркы учурда бош. Балдар төрөлгөндөн бери биз менен эле убара. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНурайым Рысмат кызы: күйөөм азыркыга чейин өзүнө келе албай жүрөт
Төрт эм төрөгөн 27 жаштагы Нурайым: төрт жыл балалуу боло албай жүрдүк - Sputnik Кыргызстан
Нурайым Рысмат кызы: күйөөм азыркыга чейин өзүнө келе албай жүрөт

— Буга чейин батирде жашачу экенсиздер да?

— Азыр деле батирде жашап жатабыз (күлүп). Буга чейин күйөөм экөөбүз бирөөлөр менен чогуу (подселение — ред.) турчубуз. Анан көз жаргандан кийин дарыгерлер "төртөөнө өзүнчө бөлмө болуш керек, шарты бар үйгө чыккыла" деди. Мен да, жолдошум да иштебесе, эки бөлмөлүү батирге чыксак, кантип акчасын төлөйбүз деп сарсанаа болуп жатканбыз. "Кудай деген кур калбайт" дегендей, сюрприз кылып президент, өкмөт акчалай жардам көрсөттү. Коляска, керектүү буюмдарды белек кылышты. Акчалай жардам болгонун угуп дароо эле минтип убактылуу эки бөлмөлүү батирге чыктык. Эми президент берген каражатка үй караштырып баштайбыз.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваМамлекет башчынын атынан жаш үй-бүлөгө турак жай алуу үчүн 2 миллион сомго сертификат жана эки орундуу эки коляска берилди.
Мамлекет башчынын атынан жаш үй-бүлөгө турак жай алуу үчүн 2 миллион сомго сертификат жана эки орундуу эки коляска берилди. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Мамлекет башчынын атынан жаш үй-бүлөгө турак жай алуу үчүн 2 миллион сомго сертификат жана эки орундуу эки коляска берилди.
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваБишкек шаарынын Октябрь районунун акимчилиги 90 миң сомдун сертификатын тапшырган
Бишкек шаарынын Октябрь районунун акимчилиги 90 миң сомдун сертификатын тапшырган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бишкек шаарынын Октябрь районунун акимчилиги 90 миң сомдун сертификатын тапшырган
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЫмыркайларга белек-бечкектер да ыроолонду
Ымыркайларга белек-бечкектер да ыроолонду - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ымыркайларга белек-бечкектер да ыроолонду
1/3
Мамлекет башчынын атынан жаш үй-бүлөгө турак жай алуу үчүн 2 миллион сомго сертификат жана эки орундуу эки коляска берилди.
2/3
Бишкек шаарынын Октябрь районунун акимчилиги 90 миң сомдун сертификатын тапшырган
3/3
Ымыркайларга белек-бечкектер да ыроолонду

— Бул батирге канча төлөйсүңөр?

— 15 миң сом.

Нурайым менен маектешкенден кийин ымыркайлар менен чоң эне, таене, апасы эстеликке деп сүрөткө түшүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0