78 жаштагы энесин сабап... Оштогу "Кылмыштын алдын алуу күнү" тууралуу маек

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПресс-секретарь УВД Ошской области Жениш Ашырбаев
Пресс-секретарь УВД Ошской области Жениш Ашырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун аймагында акыркы беш айдан бери "Бирдиктүү алдын алуу күнү" уюштурулуп келет. Милиция кызматкерлери менен бир катар мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү айыл-шаарларды түрө кыдырып, тургундардын көйгөйү менен жеринен таанышып каттоого алып жатышат.

Иш-чараны уюштурууга эмне себеп болду, максаты кандай деген сыяктуу суроолор менен облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаевге кайрылдык.

— Демилгени ким көтөрүп чыкты?

Эркек адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Киши колдуу болгон жигиттин сөөгү чирип кеткен. Марттагы соттук чечимдер
— Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов кылмыштуулуктун өсүүсүнө жана кылмышты изи сууй электе ачуу деңгээлинин төмөндөп кетишине эмне себеп экенин аныктоо максатында жер-жерлерде талдоо жүргүздү. Буйруктун негизинде атайын офицердик патруль уюштуруп, жарандарды сурамжылоого алышты. Натыйжада жергиликтүү жашоочулардын басымдуу бөлүгү өздөрү жашаган аймакты тескеген милиционердин аты-жөнүн, телефонун тургай өзүн да тааныбай тургандыгы белгилүү болду. Мындан улам аймактык тескөөчүлөр өзүнүн тейлеген аймагына визиттик карточкасын таркатуу боюнча буйрук чыкты. Бул иш жети райондун ар биринде жасалды. Жашоочуларынын саны 100гө жетпеген тээ алыскы айылдардан бери милиция кызматкерлери кыдырып, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү аныктап чыгышты.

Аталган жети райондо жалпы 400дөй айыл болсо, учурда анын 150гө жакынын кыдырып чыктык. Иш-чара улантылат. Рейдге милиция кызматы менен кошо фискалдык органдардын, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана калкты иш менен камсыз кылуу тармактарынын, ӨКМдин, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү, айыл аймактарынын башчылары, суу чарба, электр тармактары ишканаларынын кызматкерлери катышууда. Алар топ-топко бөлүнүп эл аралап, ар бир үйгө кирип, тургундардын көйгөйүн угуп, мыйзам бузулган учурларды жеринен аныктап жатышат. Бул ар айдын акыркы жумасында жүрүүдө. Ошол эле күнү жалпы жыйын өтүп, кайсы көйгөйдү кайсы кызмат чечери  талкууланып, тиешелүү адистерге тапшырмалар берилет. Беш ай ичинде катталган 2 миңден ашуун көйгөйдүн ичинен 300дөйү милицияга тиешелүү болуп чыкты. Ал эми калгандары башка кызматтарга жолдонду. Жалпылап айтканда, социалдык көйгөйлөр убагында чечилбей, анын кесепетинен жарандардын кылмышка себеп болуп жатканы белгилүү болду. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖеңиш Аширбаев: элдин көбү өздөрү жашаган аймакты тескеген милиционердин аты-жөнүн, телефонун тургай өзүн да тааныбайт. Мындан улам аймактык тескөөчүлөр өзүнүн тейлеген аймагына визиттик карточкасын таркатуу боюнча буйрук чыкты.
78 жаштагы энесин сабап... Оштогу Кылмыштын алдын алуу күнү тууралуу маек - Sputnik Кыргызстан
Жеңиш Аширбаев: элдин көбү өздөрү жашаган аймакты тескеген милиционердин аты-жөнүн, телефонун тургай өзүн да тааныбайт. Мындан улам аймактык тескөөчүлөр өзүнүн тейлеген аймагына визиттик карточкасын таркатуу боюнча буйрук чыкты.

— Кылмыштуулуктун алдын алууга болору далилдендиби?

— Албетте. Милиция кызматкерлери бир катар кылмыштуулуктун алдын алууга жетишти. Сөзүм куру болбосун үчүн алардын арасынан бир факты келтирип, далилдей кетейин. 2018-жылдын декабрында Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтүн кыдырып чыктык. Жергиликтүү тургундар бейтааныш жигиттердин тобу пайда болгондугун, алар колунда бар жарандардын үйлөрүн акмалап, маалымат чогултуп жүргөндүгүн айтышты. Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү бул маалымат боюнча иштеп, Чоң Алай районунун мурда соттолгон 25 жаштагы тургунун колго түшүрүштү. Ал өз көрсөтмөсүндө жаңы жыл алдында аталган аймактагы хан сарайларды тоноону пландаштырганын айтып берген. Жашаган жерин тинтүүгө алган учурда беткап, тоноо үчүн атайын даярдалган куралдар жана башка буюмдар табылды. Бул шектүү менен кошо дагы эки жигит колго түшүрүлүп, башка кылмыш иштерине тиешесинин бар-жогу териштирилип жатат. Учурда алар шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында.  Тергөө аяктап иш сотко өттү.

— Жасалма акча менен соода кылган жигиттердин тобу да аталган иш-чаранын жүрүшүндө колго түшүрүлгөнү кабарланган эле...

Адам уурдалды! Милицияны тамашага салгандардын окуясы айып менен аяктады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Адам уурдалды! Милицияны тамашага салгандардын окуясы айып менен аяктады. Видео
— Мындай окуя 2019-жылдын март айында Алай районунун Чий-Талаа айылында катталды. Ноокат районунун 23 жана 22 жаштардагы үч жашоочусу атайын Алайга барышкан. Катар жайгашкан беш дүкөндүн ар бирине 2 миң сомдук жасалма  купюра берип, 100 сомго жетпеген акчага соода кылып, 1900дөй кайтарым  акчасын алып чыгып кеткен. Төрт дүкөндүн ээлери 2 миң сомдук купюранын жасалма экенин байкашкан эмес. Бешинчи дүкөндү иштеткен сатуучу аял ар бир купюраны өзүнчө кутучага коюп акчаны аябай жакшы сактайт экен. 2 миң сомдук купюра салган кутучасында бир гана акча болгон. Жасалма акча берген жигиттин акчасын өзүндөгү акчанын жанына салганда башкача экени дароо көзгө урунуптур. Аял шек санап калган, бирок ал кезде балдар дүкөндөн чыгып кеткен. 

Ошол мезгилде «Бирдиктүү алдын алуу күнү» өтүп жаткан. Жанагы шексинген аял окуя тууралуу айтып берет. 2 миң сомдук менен соода кылган жигиттер тууралуу коңшу төрт дүкөндүн  сатуучулары да айтышкан. Бирок купюрага маани беришкен эмес. Сатуучулардын бирин Ош шаарында окуган баласынын окуу акысын төгүүгө жөнөп жаткан жеринен токтотуп, акчасынын арасынан жасалма купюраны таап чыгып, милиционерлер балдардын изине түшөт. Акыры ал жигиттер кармалды. Көрсө, аларды баштап-көздөгөн 22 жаштагы жигит ксерокөчүрмөдө иштеп келген экен. Арзыбаган кирешеси эч нерсеге жетпей, акчаны түстүү принтерден чыгарып көрүүнү чечип, ушул кылмышка барганы аныкталды. Экспертиза акчалардын жасалма экендигин далилдеген соң үч жигит күнөөсүн мойнуна алган. Алар учурда Алайдагы убактылуу кармоочу жайда. Жигиттердин иши Кылмыш жаза кодексинин 225-беренесинин («Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бешинчи дүкөндөгү сатуучу аялдын кыраакылыгы, жасалма акчаны байкап калгандыгы кылмышкерлерди көп узабай колго түшүрүүгө чоң жардам берди. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваАширбаев: Рейдге милиция кызматы менен кошо фискалдык органдардын, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана калкты иш менен камсыз кылуу тармактарынын, ӨКМдин, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү, айыл аймактарынын башчылары, суу чарба, электр тармактары ишканаларынын кызматкерлери катышууда.
78 жаштагы энесин сабап... Оштогу Кылмыштын алдын алуу күнү тууралуу маек - Sputnik Кыргызстан
Аширбаев: Рейдге милиция кызматы менен кошо фискалдык органдардын, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана калкты иш менен камсыз кылуу тармактарынын, ӨКМдин, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү, айыл аймактарынын башчылары, суу чарба, электр тармактары ишканаларынын кызматкерлери катышууда.

— Оор кылмыштардын бетин ачууга бул иш-чаранын пайдасы бар бекен?

— Аймактык тескөөчүлөрдүн тургундар менен барып таанышуусу кылмыштардын бетин өз убагында ачып, алдын алууга шарт түзүп берүүдө. Мисалы, Ноокат районунун Каранай айылында 35 жаштагы киши ичкиликтин айынан чыр чыгарып, жакындарына тынчтык бербей келген экен. 2019-жылдын 13-февралында адаттагыдай эле чоң чыр чыгат. «Үйдү өрттөйм» деп карындашы менен апасын коркутат. Окуя тууралуу уккан чырлуу кишинин Кызыл-Кыя шаарында жашаган 46 жаштагы агасы үйүнө келет. Инисин тынчтандыруу үчүн уруп, бирок кокусунан өлтүрүп алат. Үйдө киши жоктугунан пайдаланып, инисинин сөөгүн жер төлөгө катып, эч кимге айтпай өз үйүнө кетип калган. Маркумдун карындашы үйүнө келгенде сөөктү көрүп, бирок агасын өзүнүн эле бир тууганы өлтүргөнүн билбей, аймактык тескөөчүнү чакырат. Аймактык тескөөчү тез арада чара көрүп, бир тууганын өлтүрүп алган кишини Россияга кетүүгө камданып жаткан жеринен колго түшүргөн. Көрсө, шектүү инисин «дайынсыз жоголду» деп милицияга арыз жазып, анан өзү өлкөдөн чыгып кетүүнү пландаштырган экен.

— Милиция кызматкерлери менен кошо аталган иш-чара учурунда Кара-Суу районундагы айылдардын биринде 2010-жылы каза болгон кишинин эч ким жашабаган үйүнүн электр энергиясына болгон карызы 30 миң сомго жеткендигин угуп, аябай таң калдым. Кандайча? Көзү өтүп кеткен кишинин үйүндө электр энергиясы кантип колдонулсун деп  чочулагандар да болду. Бул иш териштирилип аягына чыктыбы?

— Ооба. Зарбалик айылынын жашоочусу Ташболот Абдрасулов 2010-жылы каза болот. Анын көзү өткөнгө чейин электр энергиясына 1000 сомдой карызы болгон. Маркум каза болгондон кийин анын үйү ээн калган. Эч ким жашаган эмес. Аталган суммадагы карыз жакындары тарабынан да төлөнгөн эмес. Ал карызга болгон туум өсүп олтуруп, 9 жыл ичинде 30 миң сомго жеткен. Башкача айтканда, тиешелүү кызматкерлер ай сайын карыз тууралуу маалымдаманы аталган үйгө алып келип турушкан. Аягында маалымдаманын келүүсүнөн чарчаган апасы тиешелүү кызматтарга кайрылып, уулунун каза болгондугун, ал карызды пенсиясы менен төлөй албай тургандыгын айтып, арыз жазган. Тиешелүү кызматтар бул карыз төлөнбөй турган жагдайда маселени маркумдун апасынын пайдасына чечип беришкен. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваАширбаев: Ош облусунун аймагынан башка өлкөгө иштөө үчүн кеткен ата-энелердин саны учурда 12 миңден ашуун болсо, ал эми алардын балдарынын саны 23 миңге жакын.Бул өтө орчундуу маселе.
78 жаштагы энесин сабап... Оштогу Кылмыштын алдын алуу күнү тууралуу маек - Sputnik Кыргызстан
Аширбаев: Ош облусунун аймагынан башка өлкөгө иштөө үчүн кеткен ата-энелердин саны учурда 12 миңден ашуун болсо, ал эми алардын балдарынын саны 23 миңге жакын.Бул өтө орчундуу маселе.

— Айыл аралаганда миграция маселеси жана ага байланышкан орчундуу көйгөйлөр оркоюп эле көрүнүп турду... Элди кылмышка түрткөн миграциянын кесепетин же ага себеп болуп жаткан фактылар тууралуу айта кетсеңиз.

— Ош облусунун аймагынан башка өлкөгө иштөө үчүн кеткен ата-энелердин саны учурда 12 миңден ашуун болсо, ал эми алардын балдарынын саны 23 миңге жакын. Башкача айтканда, 23 миң бала учурда ата-энесинин көзөмөлүндө эмес, жакындарынын кароосунда чоңоюп жатат. Бул өтө орчундуу маселе. Облус боюнча ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын баары тең социалдык кызматкерлер жана аймактык тескөөчүлөр тарабынан каттоого алынып, көзөмөлдөнүп турат. Себеби кароосуз балдар көп учурда ата-энесин сагынып, кусалыктан же жетишпеген турмуштун айынан өз жанын кыюуга да барып жатышат.

— Кара-Суунун Маданият айылындагы бир үй-бүлөдө 15 жаштагы окуучу кыз менен 12 жаштагы иниси экөө жалгыз жашап жаткандыгы тууралуу жалпы жыйында сөз болду...

Премьер-министр Темир Сариев посетил ряд объектов в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Үч жыл мурда Москвага кетип дайынсыз болгон кишинин сөөгү Оштон табылды
— Экөөнүн ата-энеси көп жылдан бери Россияда иштегендиктен, мектеп курагындагы эки өспүрүм буга чейин чоң атасы менен чоң энесинин колунда тарбияланып жаткан. Карыялар жакында каза болуп калды. Ал эми таята-таянеси болсо өз үйүндө Россияга кеткен уул-кыздарынын балдарын багат, бул жээндерин кароого мүмкүнчүлүгү жок. Райондук администрациянын жетекчилиги айыл башчы, социалдык кызматкерлер менен кошо аймактык тескөөчүгө бул эки баланын ата-энеси менен байланышып, жакындарын таап, мындан сырткары, алардан тынымсыз кабар алып, көзөмөлдөп туруу тапшырмасы коюлду.

— Ата-энеси миграцияда жүргөн өспүрүм кыздар көпчүлүк учурда зордуктоого дуушар болгон фактылар да кездешүүдө. Жакында эле Өзгөндө өз атасы тарабынан зордукталып, боюна бүтүп калган окуучу кыздын энеси узак убакыттан бери чет жакта экени айтылды.

— Ооба, турмуш-тиричиликтин айынан акча табам деп энелери миграцияда жүргөн кезде кыздарын зордуктаган эки атанын кылмышынын бети ачылды.

Алардын бири дал ушул “Бирдиктүү алдын алуу күнү” белгилүү болду. Орто мектептердин биринде 7-класста окуган кызды атасы бир нече ирет зордуктаган. Бирок кыз атасынан коркуп окуя тууралуу эч кимге айткан эмес. Жыныстык органы ооруп жаткандыгы тууралуу таенесине айтат. Ал небересин айылдагы ФАПта иштеген акушер аялга алып барып текшерткенден кийин кыздын алты айлык боюнда бар экени билинет. Бирок таенеси акушер аялдан окуя тууралуу эч кимге айтпоосун өтүнөт. Аталган иш-чара учурунда аймактык тескөөчү окуучу кыздын курсагын байкап калган кезде гана акушер аял окуя тууралуу айтып берген. Мына ушундай жол аркылуу кыздын зордукталгандыгы белгилүү болуп, шектүү катары атасы кармалды. Ал психикалык жактан жабыркап келгендиги айтылган. Тиешелүү экспертиза анын буга чейин жол кырсыгына кабылып, башы ооруп келгендигин, бирок психикалык жактан соо экенин далилдеди. Эркек кылмышын мойнуна алган. Иш козголуп, учурда сотко өттү.

Дал ушундай эле окуя Өзгөн районунун башка айылында да катталды. Ал эми айылдашы тарабынан зордукталган дагы бир окуучу кыздын окуясы качан гана ал көз жарганда белгилүү болду. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваАширбаев: Көйгөй тууралуу угуп, бирок алдын алууга жетишпей калган эки факты катталды.
78 жаштагы энесин сабап... Оштогу Кылмыштын алдын алуу күнү тууралуу маек - Sputnik Кыргызстан
Аширбаев: Көйгөй тууралуу угуп, бирок алдын алууга жетишпей калган эки факты катталды.

— Жакында эле төбө чачты тик тургузган окуя катталды. Өз агасын балталап өлтүрүүгө шектүү киши кармалды. Анын психикалык жактан оорулуу экендигин тиешелүү кызматтарга билдирип, көзөмөлгө алууну эскерттиңиздер беле?

— Көйгөй тууралуу угуп, бирок алдын алууга жетишпей калган эки факты катталды. Анын бири жогоруда сиз айтып өткөн окуя. Тактап айтканда, 27-март күнү Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүнө караштуу төрт айылда кезектеги «Бирдиктүү алдын алуу күнү» өттү. Көйгөйлөрдү аныктаган соң бардык кызматтардын өкүлдөрү жалпы жыйынга чогулушту. Аймактык тескөөчү Маданият айылынын 47 жаштагы тургуну  жакында Россиядан психикалык жактан ооруп келгендигин, учурда ичкиликке берилип, каттоого да турбай, дарыланбай да жүргөндүгүн билдирди. Жыйынды алып барган райондук администрациянын башчысынын орун басары Мехриниса Жороева медицина кызматкерлерине бул жаранды көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген. Арадан эки күн өткөн соң, 1-апрелге караган түнү, ушул каргашалуу окуя болуп кетти. Оорулуу кишинин агасы «ичкиликти ташта» деп анын эки бөтөлкө арагын чаап салган. Ага өчөшүп, иниси түндө балта менен келип, аны башка чаап өлтүргөн деген шек менен камакка алынды. 

— Экинчи учурдачы?

АН-28 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Учакты барымтага алган эки өспүрүм Африкага учуп кетмек... Караколдогу чуулуу окуя
— Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн Жылкелди айылында өтө оор шартта, кыйынчылыкта жашап жаткан улгайып калган эненин тагдырына көңүл бурдук эле. Анын жалгыз эле уулу бар экен. Маалым болгондой, 78 жаштагы энени эки айдай жуундурушкан да эмес. Жашоосу оор экенин, көңүл бурулбай жатканын, уулу иче турганын жергиликтүү бийликке айтканбыз. Тилекке каршы, өз убагында тиешелүү иштер алып барылбагандыктан биздин эскертүүдөн көп узабай, 18-март күнү, уулу мас болуп энесин көгала кылып сабап коюптур. Кемпир үйүнөн качып чыккан. Учурда Ош шаарындагы "Ак жүрөк” кризистик борборунда баш калкалоодо. Бул иш боюнча Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинин негизинде («Үй-бүлөдөгү зомбулук») кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Албетте, тиешелүү кызматкерлер энени өз учурунда карыялар үйүнө жайгаштырса, эне өзү төрөп чоңойткон уулунун колунан запкы көрмөк эмес. Кайын журту багууну сунуштаган, бирок ага макул болбоптур. Төркүнү Өзбекстанда болгондуктан ал жакка да бара албасын айткан. Азыркы учурда райондук администрация энени карыялар үйүнө өткөрүү боюнча документтерди даярдап жатат. 

Акыркы беш айдын жыйынтыгы менен талдоо жүргүздүк. Жыйынтыгында кылмыштуулуктун саны 31 пайызга азайса, оор кылмыштардын саны 6-7 пайызга төмөндөптүр. Ал эми мас болуп кылмыш жасагандардын саны 12-13 пайызга кыскарган. Максатыбыз — кылмыштуулукту болтурбоо, алдын алуу жана элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу.

Жаңылыктар түрмөгү
0