Чек арадагы абал. Казакстандын кыргыз тараптын кинесине берген жообу

© Sputnik / Нурис АлымбаевСитуация на КПП "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе /
Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе / - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан 19-марттан тарта Кыргызстан менен чектешкен көзөмөл өткөрүү жайында фураларга тыкыр текшерүү жүргүзө баштады.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер боюнча комитетинин жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Куат Рахимов Казакстан ЕАЭБдин эрежелерин бузбагандыгын айтты. Жооп чек арада кыргыз тараптан өтүп бара жаткан фураларды текшерүү маселесине байланыштуу болду. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Бүгүн, 5-апрелде, Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан ЕАЭБге кирердеги келишимдердин сакталышын талап кыларын айткан.

"ЕАЭБдин эрежелери боюнча кеп кылсак, бизди аны бузду дегенге макул эмеспиз. Биримдиктин мыйзам ченемдери, товарларды алып өтүү боюнча жалпы принциптери сырткы чек араларга тиешелүү. Азыр тышкы чек арага, коюмдардын, алымдардын жалпы эрежелерине, декларациялоого тиешелүү. Бизди кооптондурган бир гана учур — кимдир бирөөлөр товарлардын баасы боюнча өзүнүн көзөмөл жасай турган милдетин толук аткарбай жатат", — деди Рахимов маалымат жыйында.

Ал казак тарап кыргыз кесиптештери менен талкуулай турган жагдайлар бар экендигин жана бири-бирине чакан аудит жүргүзүү зарылдыгын айтты.

"Биримдикте эч кандай мыйзам бузуулар жок", — деди Рахимов.

Аткаминер Казакстан кошумча тыюу салууну жана чектөөлөрдү киргизген жок деп эсептейт.

"Биз болгону алып бара жаткан жүктү коштогон документтердин талапка жооп беришин айтып жатабыз. Себеби мунун биз ала турган ички салыктарга тиешеси бар", — деп түшүндүрдү комитеттин жетекчиси.

Рахимов чек арадан өтүү 15-20 мүнөттү аларын белгиледи. Ал эми кезек кээ бир фуралардын айдоочулары (110 фура) документтеринин талапка туура жооп бербей калганынан улам кайра артка кетүү чечиминен келип чыгып жатканын айтты.

Ситуация в КПП Актилек-автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Казакстан чек арада КР фураларынын кармалышын түшүндүрдү
Ал кыргызстандык кесиптеши Абылгазиев сыяктуу эле абал жакынкы арада жөнгө салынарын айтты.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" (Казакстан тараптан "Карасу") көзөмөл өткөрүү пунктунда 2019-жылдын 19-мартынан тарта элдин күнүмдүк жашоосунда керектелүүчү товарларды ташып кетип жаткан фуралар тыкыр көзөмөлгө алына баштаган. Көп өтпөй эки жүздөн ашык фуранын узун кезеги жаралган. Мамлекеттик чек ара кызматы мындай абалдын жаралышына казак тараптын Кыргызстандын товарларын тыкыр көзөмөлдөөсү себеп болуп жатканын билдирген болчу.

Кыргызстандын Экономика министрлиги ЕЭКтеги министрлерди чакыртып алууну сунуштаган. Андан сырткары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөлөрүн чек арадагы кырдаал боюнча консультацияларды өткөрүүгө зарылдыгын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0