Бишкектин дагы бир көчөсү июнь айына чейин жабылат. Карта

Жазылуу
Реконструкция жасала турган аймакка жаңы бордюрлар орнотулуп, асфальт төшөлөт.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте Алтымышев көчөсүнүн (мурдагы Ремесленная) Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү оңдоо үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

7-апрелде башталган оңдоо иштери 15-июнга чейин созулат. Унаалар үчүн альтернативдүү көчөлөр — Гагарин менен Лев Толстой.

"Бишкектин унаа жолдорун калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында жалпы жонунан 38 чакырымга созулган 23 көчө оңдолмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0