Ысык-Көл облусундагы 10 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүСтойбище киргизов.
Стойбище киргизов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот баасы 2 миллион 729 миң сомдук жайыт жерди Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүү чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы жайыт катары эсептелген 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылы жер мыйзамы одоно бузулган факты катталган.

"Тоң райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын кызматкерлери 10 гектар жайыт жерди "Автовнештранс" ЖЧКсына каттап койгон. Кийин жайыт жерди мамлекетке кайтаруу үчүн прокуратура сотко кайрылган", — деп айтылат маалыматта.

Тайвандын расмий аталышы Кызыл-Дөбө. Ал Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө кирет. - Sputnik Кыргызстан
Таластагы Индия, Кочкордогу Тайвань... Жергиликтүүлөр атап алган айылдарга саякат
Натыйжада сот баасы 2 миллион 729 миң сомдук жайыт жерди Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берген.

Мындан сырткары, факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү ("Кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуу") боюнча каттоого алынды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0