"Коопсуз шаардын" камералары Бишкектин кайсы жерине коюлду. Карта

© пресс-служба мэрии города БишкекПодготовка к проекту "Безопасный город" в Бишкеке
Подготовка к проекту Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Вега" компаниясы "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы 12-майда бүтөт деп ишендирүүдө.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Бишкекке дагы 11 камера коюлганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Вега" компаниясынан билдиришти.

Биринчи этапта 12 камера коюлган. Бул картада бардык 23 камера кайда орнотулганын көрө аласыз. Жаңылары көк түс, эскилери кызыл түс менен белгиленди.

Ошондой эле экинчи фазада Бишкек — Торугарт жана Бишкек — Чалдовар жолуна да камералар орнотулду.

Камералар төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерине коюлган:

  • Жибек Жолу — Абдрахманов;
  • Жибек Жолу — Курманджан датка;
  • Жибек Жолу — Жаш Гвардия;
  • Жибек Жолу — Фучика;
  • Жибек Жолу — Манас;
  • Чүй — Абдрахманов;
  • Чүй — Бейшеналиева;
  • Чүй — Курманжан датка;
  • Чүй — Жаш Гвардия;
  • Чүй — Павлов;
  • Чүй— Фучика;
  • Чүй— Манас;
  • Манас проспектисиндеги көпүрө;
  • 7-Апрель көчөсүндөгү көпүрө;
  • Байтик баатыр көчөсүндөгү көпүрө;
  • Ибраимов көчөсүндөгү көпүрө;
  • Бөкөнбаев — Манас;
  • Ахунбаев — Байтик баатыр;
  • Байтик баатыр — Горький;
  • Бөкөнбаев — Абдрахманов;
  • Горький — 7-Апрель;
  • Махатма Ганди — Боталиев;
  • Москва — Абдрахманов.

Биринчи этапта орнотулган камералар 12-февралдан тарта иштей баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0