Мечит менен чиркөө кызматкерлери чогуу-чаран бак тигип, парк тазалайт

Жазылуу
Дин уюмдарынын өкүлдөрү Тоголок Молдо атындагы эс алуу багына көчөттөрдү отургузмакчы.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия конфессиялар аралык өз ара мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө максатында диний уюмдардын катышуусунда ишембилик өткөрөт. Бул туурасында аталган комиссиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кант шаарында имамдар менен чиркөө кызматкерлери футбол ойноду - Sputnik Кыргызстан
Имамдар менен чиркөө кызматкерлери футбол ойноду. Күтүлбөгөн жыйынтык
Алар — Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Орус православ чиркөөсү, Рим-католик чиркөөсү, Будда коомчулугу жана дагы бир катар конфессиялардын өкүлдөрү.

Максат — мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын мобилизациялоодо социалдык инфраструктураларды жана санитардык абалды жакшыртуу, аймактарды тазалап, өнүгүүгө салым кошуу.

Дин уюмдарынын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы эс алуу багына көчөттөрдү отургузуп, айланасын тазаламакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0