Эмдөө. Архивдик сүрөт

Аалымдар Кеңеши эмдөө жана тармактык маркетингдин адалдыгы боюнча чечим чыгарды

1421
(жаңыланган 13:30 06.04.2019)
Дин аалымдары коомчулукта түрдүү пикирлерди жараткан жагдайлар боюнча анализ жүргүзүп, тыянак чыгарышкан.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тармактык маркетинг, пластикалык операция жана эмдөө боюнча түшүндүрмө берди. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тармактык маркетингде иштөө диний жактан караганда арам деп табылган.

"Тармактык маркетингдин бардык түрлөрү шарияттык эрежелерге дал келбегендиктен тыюу салынат. Буга ал тармакта белгисиздик, тобокел коркунучу, сүткорлуктун орун алышы, товарды жүгүртүү кыймылынын жоктугу себеп. Мисалы, пирамидалык түрдөгү тармактык маркетингдин схемалары кызматкерлерден продукцияны сатууларын талап ‎кылбай эле, көп адам каттоону ‎талап кылат. Ал жаңы ‎катышуучунун төлөмүнөн акы алып турат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, товарлар алда канча жогорулатылган баада сатылары жана кээ бирлери жарыя кылган сапатына ылайык келбеген товарларды сунуш кылганы белгиленет.

Белгилей кетсек, буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги тармактык маркетинг жана каржы пирамидасында иштөөнүн пайда-зыянын иликтеген.

Ал эми пластикалык операциялар боюнча уруксат берилген жана тыюу салынган деген таризде эки түргө бөлүнөрү айтылат.

"Тубаса майыптыкты же ар кандай кырсыктардын кесепетинен ‎болгон дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган ‎пластикалык операцияга шариятта жол берилет.‎ Ал эми эч кандай жүйөлүү себеби жок туруп, сулуулук ‎үчүн гана жасалган пластикалык операцияга шариятта тыюу салынат ‎жана арам деп эсептелет", — деп жазылат билдирүүдө.

Андан тышкары, эмдөө боюнча да түшүндүрмө берилип, анын пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык экени белгиленген. Мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет.

"Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу органдарынан текшерүүдөн өтүп, окумуштуулардын илимий пикирлерин окуп жана тажрыйбалуу дарыгерлер эмдөөнүн зыяны жоктугун тастыктаса, эмдетүүгө исламда каршылык жок. Бирок бул боюнча ар тараптуу пикирлер болгондуктан эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактайбыз", — деген пикирди карманган Аалымдар Кеңеши.

Соңунда Ханафий мазхабында тыюу салынган нерселер менен дарылануу төмөндөгүдөй кырдаалда гана уруксат берилерин кошумчалаган.

  • Зарыл болгон учурда;
  • Оорунун дарылануусуна альтернативасы жок болгон учурда;
  • Ооруга шыпаа болоору атайын мыкты адистер тарабынан белгилүү болгондо.
1421
Белгилер:
шарият, чечим, аалымдар кеңеши, пластикалык хирургия, эмдөө
Тема боюнча
Муфтият зыяратчыларды эмдөөгө керектүү дары-дармек үчүн сынак жарыялады
Тармактык маркетингге ишенсе болобу? Оңой акча табуунун пайда-зыяны
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев. Архив

Жолдошев: көз гимнастикасын жасап, көрүүнү жакшыртууга болбойт

2
(жаңыланган 15:06 02.12.2020)
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев көз булчуңдарынын гимнастикасын жасоо менен көрүүнү жакшыртууга болбой турганын айтты.

Азыркы заманда көпчүлүк компьютер менен иштеп, гаджет, телефон тиктеп калышты. Андыктан бир саат сайын 10 мүнөткө стулдан туруп, алысты карап көздү эс алдырып турган оң. Ошол эле маалда көздүн көнүгүүлөрүн жасап туруу абдан пайдалуу. Бул тууралуу Өмүрбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, компьютер, телефондун жарыгын, экрандын өңүн көздү чарчатпай тургандай кылып аярлап алуу керек.

"Көз ооруларынын ичинен эң көп кездешкени катаракта же көз чечекейинин тунарышы. Бул оору тубаса жана кийин пайда болушу мүмкүн. 65-70 жаштагы кишилердин көбү эле бул илдетке кабылат. Андан тышкары, биздин өлкөдө глаукома — көздүн ички басымынын жогорулашы жана көрүүнүн начарлашы менен мүнөздөлгөн оору менен жабыркаган адамдар өтө эле көп. Ошону менен бирге макулодистрофия — көз торчосу бузулуп, борбордук көрүүнүн начарлашы менен жабыркап келишет. Ал эми көрүүсү начарлап бараткан адамга дарыгер көз айнек тагын десе сөзсүз аны аткарышы керек. Ал эч качан көрүүнү начарлатпайт. Мен бейтаптарыма дайыма көз айнекти угуу аппаратына салыштырып айтып келем. Ал жөн гана көрүүнү жакшыртуучу аспап. Көрүү начарлаганда көз айнек тагынбаса, көздүн булчуңдары чыңалып, мына ошондо көрүү бузулушу мүмкүн", — деди Жолдошев.

Дарыгер көздү нымдандыруучу тамчылатмалардын зыяны жоктугун жана көздүн көрүүсү жакшы болсо витаминдердин кереги жоктугун, туура тамактануу эле жетиштүү экенин кошумчалады.

2
Белгилер:
оору, көз
Тема боюнча
Жолдошев: коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив

Атамбаев ооруп калып бүгүнкү сот отуруму болбой калды

12
(жаңыланган 15:04 02.12.2020)
Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президенттин иши каралмак. Бирок өзү келбей койду.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлаганына байланыштуу сотко келген жок.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча Атамабевдин иши каралмак. Сот залына Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаев гана алып келинди. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин сот отурумун бир жумага жылдырууну өтүнгөн арызы судьяга берилди.

Анда Алмазбек Атамбаев саламаттыгы начарлаганын айтып, сотко келе албай турганын билдирген. Арызга медициналык маалым кат тиркелген. Ал кагазда Атамбаевдин башы айланып, ооруп, жөтөлүп, алсырап жана бели да ооруп жатканы жазылганын судья окуду.

Мурдагы президент жана башка айыпкерлер келбегенине байланыштуу сот отуруму 9-декбарь саат 14:00гө жылдырылды.

12
Белгилер:
Кой-Таш, сот, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Жогорку сот Атамбаев кандай шартта абактан бошотуларын маалымдады
Жактоочу: Алмазбек Атамбаев жакында эркиндикке чыгышы мүмкүн