Гүл коюу. Архивдик сүрөт

Жаркын Балыкбаеванын сөөгү кайда коюлары айтылды

1347
(жаңыланган 18:16 06.04.2019)
Белгилүү актриса 6-апрель күнү түштө борбор калаадагы атайын ооруканада көз жумган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаеванын сөөгү 8-апрель күнү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, белгилүү актриса 6-апрель күнү түштө борбор калаадагы  Президенттин иш башкармалыгына караштуу Дарылоо жана саламаттыкты чыңдоо борборундагы ооруканада көз жумган.  Көптөн бери ооруп жүргөн Балыкбаеванын бөйрөгү иштебей калганы айтылды.

"Узатуу зыйнаты Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйүндө саат 10.00дө өтөт. Андан кийин "Ала-Арча" көрүстөнүндө маркумдун сөөгү жерге берилет", — дешти министрликтен.

Балыкбаева белгилүү тенор үндүү ырчы, КРдин Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы болчу. Ал 2015-жылы каза таап, сөөгү аталган көрүстөнгө коюлган.

1347
Белгилер:
Жаркын Балыкбаева, Ала-Арча көрүстөнү, тажия, Эрмек Мойдунов
Тема боюнча
Дооронбек агамдын керээзи Ала-Белде аткарылганы турат. Карындашы менен маек
Тоок. Архив

АКШда аял тоогунун жүрөгүн дарылатыш үчүн 10 миң доллар сарптады

5
(жаңыланган 14:42 24.01.2021)
Блю деп аталган тоогунун абалын байкаган кожойкеси адистерге кайрылган. Алар канаттуунун канынан анализ алып, УЗИ, рентген жана эхокардиографиядан өткөрүшкөн.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда Веллингтон шаарынын тургуну тоогунун жүрөгүн дарылатыш үчүн 10 миң доллар сарптады. Бул тууралуу "National Geographic Россия" кабарлады.

Ага ылайык, эки жыл мурда аял зоологиялык дүкөндөн жөжө сатып алып, аны үйүндө багып келген. Тоогу Блюнун абалы начарлагандыгын байкаган кожойкеси адистерге кайрылган. Алар канаттуунун канынан анализ алып, УЗИ, рентген жана эхокардиографиядан өткөрүшкөн. Жыйынтыгында тооктун жүрөгү ооруй турганы аныкталган.

​Ветеринарлардын көрсөтмөсүн укканда Селена Нотнагель тоогу жок жашай албай турганын айткан.

"Ал менин жанымдын бир бөлүгү. Күйөөмө "эгер Блю жакшы болбосо, анда чуңкурду экөөбүздү ылайыктап каз" деп айттым. Мен ал жок кантип жашаарымды билбейм", — деген Нотнагель.

Канаттууга адистер операция жасаган. Медициналык процедурадан кийин Блю тамак жеп, басып, мурдагы калыбына келген. Аны дарылатууга 10 миң долларга чукул каражат сарпталганы маалым болду.

5
Белгилер:
каражат, канаттуулар, операция, тоок, АКШ
Тема боюнча
Индияда ээси менен обон созгон ит интернетти жарды. Видео
Ырчы Анжелика Кайратова. Архив

Ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылып, кызы жаракат алды. Чоо-жайы

214
(жаңыланган 14:17 24.01.2021)
Жабыркаган кыз кечээ Түп райондук ооруканасында калтырылган. Ал эми бүгүн аны Бишкектеги ооруканага алып кетүү үчүн реанимобиль Көлгө келе жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ырчы Анжелика Кайратова кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Анын беш жаштагы кызы жабыркап, ооруканага түшкөнүн Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жибек Жайылмышева билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Кайратова Анжелика (@anjelika_kairatovna_official)

"Автоунаада беш киши болгон. Ырчынын беш жаштагы кызынын эки бутунун тең сан сөөктөрү сынып кеткен. Башкаларына медициналык жардам зарыл болгон жок", — деди директор.

Маалыматка караганда, алар Бишкекке жөнөтүлгөн. Ал эми жабыркаган кыз кечээ Түп райондук ооруканасында калтырылган. Бүгүн аны Бишкектеги ооруканага алып кетүү үчүн реанимобиль Көлгө келе жаткандыгын айтышты.

Кырсык 23-январда таңкы саат алтыларда Балбай айылынын жанынан болгондугу маалымдалды. 

Кийин ырчы өзүнүн Instagram баракчасына колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип пост жазды.

"Аллахка чексиз мактоолор. Доктурларга таазим. Баары шүгүр. Чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дуаларыңыздар кабыл болсун. Аманбыз", — деди Кайратова.

Маалыматка караганда, автоунаанын ичиндеги калган жүргүнчүлөр катуу жаракат алган эмес. 

 

214
Белгилер:
автоунаа, кыз, жол кырсык, Анжелика Бекболиева
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ырчы Юлия Руцкаянын апасын милициянын унаасы сүзүп кетти. Окуянын чоо-жайы
Автоунаа мүрзөнү тоскон дубалды сүзгөн. Сания Шакирова каза болгон кырсыктын чоо-жайы