Сары-Булактын балыгы, Оштун көк самсысы... Аймактарда атагы чыккан тамактар

Жазылуу
Чарада мончоктой тизилган майда мантыларды көргөндө кантип кыя өтөсүң? Соң-Көлдөн кармалып келип, отко кызарта куурулган Сары-Булактын алтын балыгынан кантип шилекейиң акпайт? Эти толо Ат-Башынын бешбармагы, Оштун көк самсысы, Чолоктун каттамасы...

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги аймактарда брендге айланган тамак-аштардын экинчи бөлүгүн даярдады. Буга чейин Ак-Талаанын бозосу, Ысык-Көлдүн кургак кесмеси өңдүү тамактарды тизмектегенбиз.

Оштун майда мантысы

© Фото / Зульфия ТургуноваОшко барганда чара көтөргөн айымдарды көрсөңүз, майда манты сатат экен деп ойлой бериңиз. Анын килограммы 150 сом болсо, жүз граммы 15 сом.
Сары-Булактын балыгы, Оштун көк самсысы... Аймактарда атагы чыккан тамактар - Sputnik Кыргызстан
Ошко барганда чара көтөргөн айымдарды көрсөңүз, майда манты сатат экен деп ойлой бериңиз. Анын килограммы 150 сом болсо, жүз граммы 15 сом.

Ош шаарында брендге айланган тамактардын бири — майда манты. Жергиликтүү тургундардын сүйүп жеген тамагы болсо, сатуучулардын киреше булагы. Ошко барганда чара көтөргөн айымдарды көрсөңүз, майда манты сатат экен деп ойлой бериңиз. Анын килограммы 150 сом болсо, жүз граммы 15 сом экен. Ош шаарында жашаган Зульфия Тургунова кичине мантынын жасалуу жолу тууралуу кеп кылды.

Кыргызское национальное блюдо — быжы - Sputnik Кыргызстан
Гүлазык, олобо, керчөө. Эзелтен келе жаткан кыргыздын эт тамактары
Майда манты деп аты айтып тургандай, кадимки биз жеп жүргөн мантыдан эки-үч эсе кичирээк жасалып, ичине эт кошулбайт. Алгач камыр жуурулуп, тыныккандан кийин жука жайылып, кичирээк төрт чарчы формада кесилет. Андан кийин картошканы сууга бышырып, аны эзебиз. Тамактын даамын чыгаруу үчүн туз, мурч же башка татымалдар кошулат. Кесилген камырларга картошканы салып, ар бирин түйүп, анан касканга бышырат. 20 минутада тамак даяр болот. Андан соң майда мантыларды чарага салып, жабышып калбашы үчүн май аралаштырылат. Майда мантынын үстүнө пияз туурап, көк чөптөрдү кошуп жесе ого бетер даамын чыгарат.

Сары-Булактын балыгы

© Фото / Айтбубу ОсмоноваСоодагерлер бир кезде Соң-Көлдүн балыктарын 10 сомдон сатып алса, азыр бир килограммы 250 сом. Мындан улам океандын балыктарын да кууруп сатышат.
Сары-Булактын балыгы, Оштун көк самсысы... Аймактарда атагы чыккан тамактар - Sputnik Кыргызстан
Соодагерлер бир кезде Соң-Көлдүн балыктарын 10 сомдон сатып алса, азыр бир килограммы 250 сом. Мындан улам океандын балыктарын да кууруп сатышат.

Нарындын Кочкор районундагы Сары-Булак айылы балык сатып, үй-бүлө багат. Убагында бул иштин көзүн таап, өзү менен кошо айылдаштарын тартып, ишкерликти түптөгөн Айтбүбү Осмонова болгон.

© Фото / Айтбубу ОсмоноваБашында бул жерде бир эле вагон бар болчу дегенге азыр ким ишенет...
Сары-Булактын балыгы, Оштун көк самсысы... Аймактарда атагы чыккан тамактар - Sputnik Кыргызстан
Башында бул жерде бир эле вагон бар болчу дегенге азыр ким ишенет...

"1995-жылдары каражат табуу максатында жол боюна вагон алып барып, балык сата баштадым. Анда жол четинде менин эле вагонум турчу. Анан улам-улам вагондун да, келген кардарлардын да саны көбөйүп, "Сары Булактын балыгы" деп калышты. Анда Соң-Көлдүн да балыктары арзан эле — килограммы 10 сомдон болчу, азыр 250 сом. Мындан улам океандын балыктарын да кууруп сатабыз. Учурда 10дон ашык вагон иштейт. Бул жакта иштегендердин үйү анча деле алыс эмес, барып-келип иштешет. Мен бул жакка үй салып, кафе, мейманкана, дүкөн ачып алгам", — деди Осмонова.

Айылда дыйканчылык кылууга жер жок. Мындан улам жалгыз киреше булагы — балык.

Оштун көк самсысы

© Фото / Сезимай ЖунусоваКөк самсы чырыч деген чөптөн жасалат. Ушул эле чырычтан же башка көк чөптөрдөн ден соолукка пайдалуу, жегиликтүү, сиңимдүү көк манты, көк чүчвара да жасалып келет.
Сары-Булактын балыгы, Оштун көк самсысы... Аймактарда атагы чыккан тамактар - Sputnik Кыргызстан
Көк самсы чырыч деген чөптөн жасалат. Ушул эле чырычтан же башка көк чөптөрдөн ден соолукка пайдалуу, жегиликтүү, сиңимдүү көк манты, көк чүчвара да жасалып келет.

Таңдайды такылдатып, жеген сайын жегиңди келтирген тамактардын бири — көк самсы. Ал түштүк тарапта көбүрөөк жасалат экен. Көк самсынын рецептин жергиликтүү тургун Сезимай Жунусова айтып берди. 

© Фото / Сезимай ЖунусоваЧырычаарчып, бир нече ирет жууп, кайнатат. Курут сыяктуу тоголоктоп сыгып алып, майда туурап, пияз менен кошо кууруп, фарш даярдашат. Камырды мантыныкындай жууруп, жайып, куурулган чырыч-фаршты камырга салып пирожки сыяктуу түйүшөт. Соңунда көмөчказанга май куюлуп, жай отко коюлат да, самсылар эки бетинен бышырылат.
Сары-Булактын балыгы, Оштун көк самсысы... Аймактарда атагы чыккан тамактар - Sputnik Кыргызстан
Чырычаарчып, бир нече ирет жууп, кайнатат. Курут сыяктуу тоголоктоп сыгып алып, майда туурап, пияз менен кошо кууруп, фарш даярдашат. Камырды мантыныкындай жууруп, жайып, куурулган чырыч-фаршты камырга салып пирожки сыяктуу түйүшөт. Соңунда көмөчказанга май куюлуп, жай отко коюлат да, самсылар эки бетинен бышырылат.

Алгач адырларда өскөн көк чөптүн бир түрү — чырыч терилип келип, аарчылып, андан соң суу менен бир нече ирет жуулат. Кийинки этапта мискейде суусу соолугуча кайнатылат. Соолуган пиязды курут сыяктуу тоголоктоп сыгып алып, эттей майда туурап, пияз менен кошо майга кууруп, фарш даярдашат. Камырды мантыныкындай жууруп, жайып, анан куурулган чырыч-фаршты камырга салып пирожки сыяктуу түйүшөт. Соңунда көмөчказанга май куюлуп, жай отко коюлат дагы, самсылар эки бетинен бышырылат. Бирок бул пирожки эмес, көк самсы деп аталат.

Ушул эле чырычтан же башка көк чөптөрдөн ден соолукка пайдалуу, жегиликтүү, сиңимдүү көк манты, көк чүчвара да жасалып келет.

Ат-Башынын бешбармагы

© Sputnik / Эмиль СадыровБешбармак — кыргыздын улуттук ашканасынын жүзү. Эң бир сыйлуу тамактардын катарын толуктайт. Өлкөнүн бардык аймактарында жасалат. Анткен менен "Ат-Башынын бешбармагы" деп эл оозунан түшүрбөй, тамшана айтып келет.
Сары-Булактын балыгы, Оштун көк самсысы... Аймактарда атагы чыккан тамактар - Sputnik Кыргызстан
Бешбармак — кыргыздын улуттук ашканасынын жүзү. Эң бир сыйлуу тамактардын катарын толуктайт. Өлкөнүн бардык аймактарында жасалат. Анткен менен "Ат-Башынын бешбармагы" деп эл оозунан түшүрбөй, тамшана айтып келет.

Бешбармак — кыргыздын улуттук ашканасынын жүзү. Эң бир сыйлуу тамактардын катарын толуктайт. Өлкөнүн бардык аймактарында жасалат. Анткен менен "Ат-Башынын бешбармагы" деп эл оозунан түшүрбөй, тамшана айтып келет. Көрсө, кадимки бешбармактан айырмасы эттин көп өлчөмдө тууралышында экен. Мал-жандуу келген Ат-Башынын (Нарын) эли бешбармакка келгенде этин өзгөчө аябайт дешет. 

Тайвандын расмий аталышы Кызыл-Дөбө. Ал Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө кирет. - Sputnik Кыргызстан
Таластагы Индия, Кочкордогу Тайвань... Жергиликтүүлөр атап алган айылдарга саякат
Бешбармак тууралуу айта кетсек, ал аты айтып тургандай эле айры, кашыксыз беш манжа, кол менен желет. Бешбармактын эң негизги курамын эт жана камыр түзөт. Алгач эт бышырылып, майда тууралат дагы, анын шорпосуна камыр бышырылат. Албетте, пияз менен татымалдар кошулган чык даамын чыгарат.

Алгач бешбармак нарындан (майда тууралган эт) бөлүнүп чыгып, өз алдынча тамак катары калыптанганы айтылат. Ошон үчүн кээде кары-картаңдар "кесме нарын" деп коюшат.

Чолок айылынын каттамасы

© Sputnik / Эмиль СадыровАзыр Чолокко токтоп, шам-шум этпеген жолоочу аз. Айылдыктар дал ушул каттама менен жан багып келет.
Сары-Булактын балыгы, Оштун көк самсысы... Аймактарда атагы чыккан тамактар - Sputnik Кыргызстан
Азыр Чолокко токтоп, шам-шум этпеген жолоочу аз. Айылдыктар дал ушул каттама менен жан багып келет.

Миңдеген кыргызстандыктар Ысык-Көл менен Нарынга алпарчу эски жолдогу чакан аянтчага токтоп, шам-шум этишет. Чолок айылынын тургундары самоорго чай кайнатып, ага пияз кошулган, даамы таңдайда далайга дейре калган каттамасын сунушат. Кыргызстандык белгилүү инсандар жана саясатчылар – Чолок айылынын дайымкы меймандары.

Бул жолазык бизнесинин башында Ракыя Чоткараева турган. Советтер Союзу ыдыраганда аталган айылдагылар жумушсуз калып, бул айым кайын сиңдиси экөө апасынын даярдоо ыкмасы менен каттама жасап, жол боюнда сата башташкан.

"Таптакыр акчасыз калганда кайын сиңдим көчөгө чыгып, ары-бери өткөн соодагерлерге каттама сатууну сунуштап калды. Күнүнө 20 каттама жасачумун, андыктан, тапканыбыз өп-чап жетчү", — деп эскерет Ракыя эже.

Ушул тапта Чолок айылында "Апамдын каттамасы" аталышындагы 20 жай бар. Алар күнүнө 200 каттама жасап, 50гө жакын самоор кайнатышат. Кафелердин жумушчулары айына 15 миң сомдон маяна алышат.

Каттама менен бир айылды баккан чолоктук келиндер тууралуу Sputnik даярдаган лонгридден окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0