Төркүнү байыган сайын аялым теңине албай баратат. Эки жакты тең кыя албаган жигит

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүПоказ новой коллекции Валентина Юдашкина на Неделе моды в Париже
Показ новой коллекции Валентина Юдашкина на Неделе моды в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жубайына нааразы болгон кишинин окуясы баяндалат.

Үйлөнгөнүбүзгө алты жыл болуп баратат. Жашым 35те. Жубайым менден төрт жаш кичүү, ортобузда бир уул, бир кызыбыз бар. Бири-бирибизге арзып жүрүп баш кошконбуз. Татынакай, өзүн караган, жашоого тың, айтор, жакшынакай жарым бар. Бирок кыялы чатак. Анысын убагында байкачу эмес белем же эми чыгып жатабы, иши кылып өзүн аябай жакшы көрөт. Анча-мынчаны теңине албайт. Жарым жыл болуп калды, кайнатам жакшы жумушка кирип, ити чөп жеп жаткан убагы. Мындан улам баягы анча-мынчаны теңине албаган келинчегим такыр эле буту жер баспай калды.

Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялым төшөктө салкын. "Ыраазы" болбогон эркектин каты
Үйдүн жалгыз баласымын. Атамдын көзү өткөнүнө 10 жылдан ашты, биз апам менен чогуу турабыз. Эки эжем, бир карындашым бар. Эжелерим турмушка чыккан, өздөрү менен өздөрү. Карындашымдын окуусуна мен жардам берем. Көптөн бери шаарда турабыз, үйүбүз бар. Мурда чакан ишкерлик менен алектенчүмүн, азыр аным жакшы болбой, такси кызматында иштеп жатам.

Келинчегим бухгалтер, бирок балдарга карап жумушка чыккан жок, мен да көңүлдөнбөй койгом.

Психологго кайрылып жатканымдын себеби аялым акыркы күндөрү башкаларды эле эмес, бизди да теңине албай баштады. Баарын жактырбайт, үй жумушун жасагандан да жалкоолончу болду.

Апам мугалим болуп иштеп, пенсияга чыккан. Бирок азыр деле үйдө отурбай өзү үчүн ар кандай жумуштарда иштейт. Келинчегим эки күндүн биринде төркүнүндө. Же жалгыз жашасак бир жөн. Кайненем да кечке эле чакырта берет. Келинчегиме "барбай эле койчу" десем, "көрө албай жатасыңбы" деп жаман көрөт. Капчыгынан көп акча көрөм, дүкөн кыдырат, акыркы убакта кийбегенди кийчү болду. Апам унчукпайт, бирок көңүлү кирдеп жүргөнүн байкайм. Өзүм да басынып жаман болуп жүрөм. Кетирип жиберейин дейм, балдарыма карайм. Теңтуштарыбыздын көзүнчө идеалдуу үй-бүлөбүз, бирок өзүбүзчө калганда баары башкача.

Аялымдын текеберлигин кантип жоем? Апамдын көзгө басар келини сөзүн сүйлөбөсө да ысык чайын берип сыйлап турса жакшы болот эле...

Гүлнара Жасоолова, психолог:

Как устроить ссору, чтобы улучшить жизнь - Sputnik Кыргызстан
Кыз жандуу күйөөмөн тажадым, кетип да кала албайм... Келиндин каты
Үй-бүлөдө, башкысы, жубайлар ортосунда түшүнүшүү болушу керек. Башында бири-бирин жакшы көрүп, түшүнүшүп үйлөнгөн соң азыр деле бир пикирге келсе болот. Алгач аялы менен өзү ачык сүйлөшсүн, үйгө отургусу келбеген себебин сурасын. Балким, келинчеги балдар чоңоюп калса иштегиси келип жаткандыр. Бала менен үйдө отурган аялды да түшүнүү зарыл. Төркүнүнө же дүкөнгө өзүн алаксытыш үчүн барып жаткандыр. Керээлден кечке ал деле тамак жасап үйдө отура албай жаткан чыгар. Көбүрөөк көңүл буруп, күн сайын болбосо да анда-санда эс алдырып, ага да убакыт бөлүшүңүз керек.

Күнөө эч качан бир тараптан кетпейт. Албетте, апаңарды сыйлашыңар керек. Аялдын деле төркүнгө көп каттай бергени болбойт. Аны апасы айтышы керек эле...

Үй-бүлөдө баары идеалдуу болгон учурда да жубайлар ортосунда мамиле салкындап кетиши мүмкүн. Айрым учурда материалдык жактан жетишпей, кыйналып жаткан кезде аялы менен күйөөсү бири-бирин колдоп жашайт. Мисалы, тамы жок үй-бүлө турак жай кургучакты далай кыйынчылыкты башынан өткөрүп, ошол кыйынчылык жубайларды бекем, ынтымактуу кылып коет. Ал эми кээ бири баары даяр нерсеге барат да, ошол ырыскысын көтөрө албай ажырашып кетет. Анткени алар башынан чоң көйгөйдү өткөрүп көргөн эмес.

Тамактанып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялым аябай семирип кетти, теңтуштардан уялам. Эркектин каты
Ошол себептен жашоодо мындан да чоң, олуттуу маселе болушу мүмкүн. Бул көйгөй анын жанында эч нерсеге арзыбай калат. Үй-бүлөгө ар кандай сыноо берилет. Анын баарына чыдаш керек. Эгер жубайлар бири-бирин жакшы түшүнсө, кандай кырдаал болбосун чыгып кетет. Ар бир нерсени позитивдүү чечкенге аракет кылыш керек.

Апасы да келинин отургузуп алып кеп-кеңешин айтып көрсүн, оюн уксун, ачык сүйлөшсүн. Чечилбеген маселе жок. Бүлө бузулса, аны ордуна келтириш оңой эмес. Анын үстүнө ортодо балдар бар. Сезимдериңер өчө элек экен. Такыр эле болбой жатса, психологго чогуу барып сүйлөшүп көргүлө!

Жаңылыктар түрмөгү
0