Алдыдагы апта дагы жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүВесна в Краснодаре
Весна в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келе жаткан жумада кээ бир аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаай турганы айтылат.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: бул аптада үшүк жүрүп, суу капташы мүмкүн
Ага ылайык, 8-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан жаабайт. Ал эми 9-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 10-11-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганы айтылат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Апта соңунда, 12-апрелде, кээ бир райондордо жаан жаашы болжолдонууда, 13-апрелден тарта күндүн көзү ачылып, абанын температурасы жогорулайт.

Бишкек менен Ош шаардарында 8-9-апрель күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0