Суу алып жаткан кыз. Архив

Үйдө суу жылыткыч болсо, ичүүчү суунун тарифи кымбаттайбы? Мекеменин жообу

279
(жаңыланган 18:43 07.04.2019)
Буга чейин Facebook баракчасындагы белгилүү бир тайпага колдонуучулардын бири үйүндө суу ысыткычы барлар ичүүчү сууга көбүрөөк акы төлөй турганын жазган.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. "Бишкексууканал" ишканасы ичүүчү суунун тарифи көтөрүлбөй эле турганын айтты.

Буга чейин Facebook баракчасындагы белгилүү бир тайпага колдонуучулардын бири үйүндө суу ысыткычы (бойлер) барлар ичүүчү сууга көбүрөөк акы төлөй турганын жазган.

"Бүгүн "Бишкексууканал" ишканасынын кызматкерлери келип, суу жылыткычы бар үйлөрдү тизмеге алып жүрүшкөнүн айтышты. Эми кимдин жашаган жеринде бойлер болсо, алар ичүүчү сууга көбүрөөк акча төлөп калышат экен. Мага эки сомдон көп деп айтышты. Мына сага салык жана комфорт. Кызык, менин үйүмдө аба тазалагыч да бар, эми таза аба үчүн да акы төлөй баштайбызбы?" — деп жазган колдонуучу.

"Бишкексууканал" ишканасынын маалымат кызматы өкмөттүн "Ичүүчү сууну колдонуу нормасы боюнча" токтому бар экенин айтып, ал жакта Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алган суу түтүктөрү жана канализациянын кызматтары боюнча тарифтери так жазылганын кошумчалады.

Ага ылайык, 2015-жылдын 1-июлунан бери (кыйыр салыгы жок) төмөнкүдөй тарифтер иштейт:

Бир куб метр суу (1000 литр) бир адамга — 5 сом 38 тыйын, арыктагы суу 1 сом 20 тыйынга бааланат.

Суу түтүктөрү жана канализация кызматтарынын бир адамга карата бир айлык баасы:

— көчөдөгү колонка — 5 сом 73 тыйын;

— борбордук канализациясы жок үйдөгү суу түтүк — 16 сом 36 тыйын;

— борбордук канализациясы жок суу түтүк жана суу жылыткычтар менен — 27 сом;

— суу түтүк, канализация, ванна жана суу жылыткычтар менен — 34 сом 2 тыйын.

Ал эми суу түтүк, канализация, ванна жана суу жылыткычтары бар көп кабаттуу үйдөгүлөр 67 сом 88 тыйын төлөйт.

"Бишкексууканал" ишканасынын маалымат катчысы Эрлан Тимуров ишкана кызматкерлери суу жылыткан бойлерлерди гана эмес, суу түтүк, канализацияны да текшерип, ичүүчү сууну пайдалануу нормасын тартипке келтирип жатканын айтты.

"Эгерде жарандардын үйүндө муздак суунун канча кеткенин эсептеген жабдуу бар болсо, анда канализация, суу түтүк, суу жылыткычтар текшерилбейт ", — деди Тимуров.

Ал мындай иштер жыл сайын жасалаарын кошумчалады.

279
Белгилер:
Бишкек, тариф, Суу
Тема боюнча
Дүйнөлүк валюта фонду Кыргызстанга электроэнергияны кымбаттатууну сунуштады
Курулуш иштери. Архив

ЕАЭБ курулуш жаатындагы адистердин билим, эмгек стажын тааныган келишим түзөт

27
(жаңыланган 22:40 04.12.2020)
ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү курулуш тармагында кызмат көрсөткөндөрдүн бирдиктүү рыногун жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планын бекитишкен.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Курулуш жаатында жетектөөчү адистердин (архитектор, инженер) квалификациясын ич ара таануу боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда келишим түзүлөт. Бул тууралуу ЕЭК маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү курулуш тармагында кызмат көрсөткөндөрдүн бирдиктүү рыногун жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планын бекитишкен.

Курулуш тармагында кызмат көрсөткөндөрдүн бирдиктүү рыногу ЕАЭБде 2014-жылы эле түзүлгөн. Анын ичинде инженердик изилдөө, архитектуралык долбоорлоо, курулуш, реконструкция, капиталдык курулуштан өтө турчу объектилерди ремонттоо кызматтары бар болчу.

"ЕЭК комиссиясы биримдиктеги мамлекеттер курулуш тармагындагы бирдиктүү рыноктун иштөө механизмин толугу менен камсыз кылбай койгонун аныктаган. Башкача айтканда, андагы талаптар аткарылган эмес. Алсак, курулуш тармагындагы адистер өз өлкөсүнөн тийиштүү уруксаттарды алганы менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге барганда анысы жарабай, тоскоолдуктарга кабылчу. Мындан сырткары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин куруучулары ошол эле биримдиктин курамындагы башка өлкөлөргө барганда ал жактын юридикалык уруксаты жок кызмат көрсөтө албай келишкен", — деп айтылат маалыматта.

ЕЭКтен түшүндүрүшкөндөй, иш-чаралардын планы бул көйгөйдү акырындык менен чечүүгө жардам берет.

Курулуш жаатында жетектөөчү адистердин (архитектор, инженер) квалификациясын ич ара таануу боюнча план бардык мамлекеттердин сунуш-пикирлерин эске алуу менен иштелип чыгып, 2022-жылы бул боюнча эл аралык келишим түзүлүшү күтүлүүдө.

Ал документке ылайык, куруучулардын билими, квалификациясы жана эмгек стажынын баары ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде бирдей таанылат.

27
Белгилер:
келишим, квалификация, адис, курулуш, мамлекет, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
ЕАЭБ өсүмдүк майынын зыяндуулугун азайтуу үчүн атайын норма иштеп чыгат
ЕАЭБ аймагында "COVID жок саякаттайм" тиркемеси ишке кирет. Артыкчылыгы
Окуучулар сабак учурунда. Архив

7-декабрдан тарта Аламүдүн районунда 34 мектеп иштеп баштайт. Тизме

113
Аталган райондогу Озерный жана Пригородный жаңы конуштарындагы мектептерде бала көп болгондуктан, азырынча 1-класстын окуучуларына гана салттуу режимде окууга уруксат берилген.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы 34 мектепте 7-декабрдан тарта салттуу режимде окуу башталат. Бул тууралуу райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Динара Шеркулованын айтымына таянып Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин айрым мектептердин окуучуларына жана ата-энелерине мессенджер аркылуу кулактандыруу келген.

"Урматтуу ата-энелер, дүйшөмбү күндөн тарта мектептен окуп баштайбыз. Расписаниени кийинчерээк айтабыз", — деп жазылган кулактандырууда.

Министрликтин маалымат кызматы бул билдирмени тастыктап, кийинки аптадан тарта кайсы мектептер жана кайсы класстар окуй турганын айтты.

1-класстын окуучулары гана барчу мектептердин тизмеси:

  • Озерный жаңы конушундагы орто мектеп;
  • Пригородный жаңы конушундагы орто мектеп.
  • 1-9-11-класстын окуучулары салттуу режимде билим ала турчу мектептердин тизмеси:
  • Маевка районундагы орто мектеп;
  • Мраморный районундагы орто мектеп.
  • 1-5-9-11-класстын балдары гана салттуу режимде окуй турчу мектептердин тизмеси:
  • Төмөнкү Ала-Арча районундагы мектеп;
  • Васильевская айылындагы №1 орто мектеп;
  • Васильевская айылындагы №2 орто мектеп.

1-2-3-4-5-9-11-класстардын окуучулары салттуу режимде окуй турчу калган мектептердин тизмеси:

  • Аламүдүн районундагы №1 орто мектеби;
  • Аламүдүн районундагы №2 орто мектеби;
  • Стрельник атындагы орто мектеби;
  • Каирминск орто мектеби;
  • Жогорку Ала-Арчадагы орто мектеп;
  • Кашка-Суудагы орто мектеп;
  • Орто-Алыштагы орто мектеп;
  • Баш Кара-Суудагы орто мектеп;
  • Грозденскийдеги орто мектеп;
  • Бирдиктеги орто мектеп;
  • Кара-Жыгач айылындагы орто мектеп;
  • Көк-Жар айылындагы орто мектеп;
  • Ленин атындагы орто мектеби;
  • Чүй орто мектеби;
  • Н. Бердибеков атындагы орто мектеби;
  • Лебединовка айылындагы №1 орто мектеби;
  • Лебединовка айылындагы №2 орто мектеби;
  • Лебединовка айылындагы №3 орто мектеби;
  • ГЭС-5теги орто мектеп;
  • Октябрь айылындагы орто мектеп;
  • Келечек айылындагы орто мектеп;
  • Бер-Булактагы орто мектеп;
  • Бейшеналиев атындагы орто мектеп;
  • Чокморов атындагы орто мектеп;
  • Горная Маевка айылындагы орто мектеп;
  • Беш-Күңгөйдөгү орто мектеп;
  • Таш-Мойноктогу орто мектеп.

Аталган мектептерге Аламүдүн райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору текшерүүдөн кийин уруксат берген.

113
Белгилер:
Аламүдүн району, окуу, мектеп
Тема боюнча
Министрлик Бишкектин окуучуларынын каникулун узартуу сунушуна жооп берди
Баткенде 213 мектеп салттуу түрдө иштеп жатат
Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Кытай Кыргызстан Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат

0
Министр темир жолду куруу иштерине кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

4-декабрда Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган биринчи Евразия конгресси өттү.

Форумдун алкагында министр Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын ЕАЭБдеги артыкчылыктарын айтып берди.

"Биз ЕАЭБдин түштүк чек арасында жайгашканбыз. Кыргызстан аркылуу Кытай, Индия жана Пакистанга жол ачылат. Тилекке каршы, бул ири рыноктор Кыргызстан тарабынан колдонулбай жатат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса ЕАЭБге көп пайда алып келмек", — деди Мукамбетов.

Анын айтымында, бул ири долбоор көп жылдардан бери ишке ашпай келе жатат.

"Кыймыл бар. Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор талкууланып жатат. Бирок бул маселеде саясий чечим талап кылынат. Ошондой эле бул долбоорго кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек", — деди министр.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

0
Белгилер:
министр, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан, темир жол, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат