Эртең Бишкектин борборунда суу өчүрүлөт

© AFP / FRED TANNEAUСуу агып жаткан кран. Архив
Суу агып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суунун токтотулушу "Тоголок Молдо" суу кампасындагы оңдоо иштерине байланыштуу деп түшүндүрүштү.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Эртең, 9-апрелде, саат 9.00дөн 17.00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Тоголок Молдо" суу кампасында оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу Манас проспектиси, Фрунзе, Логвиненко көчөлөрү жана темир жолдун ортосундагы аймактын тургундары суусуз калат.

Мындан тышкары, төмөндөгү ишканалардын имаратында суу өчүрүлөт:

  • №70 мектеп-гимназия;
  • №6 төрөт үйү;
  • Бишкек техникалык колледжи;
  • №1 стоматология;
  • Тоо-кен институту;
  • "Бета Иншаат-Ятырымжалык" ишканасы;
  • Улуттук кардиология борбору;
  • Улуттук госпиталь;
  • "Промпроект" ААКсы;
  • Ардагерлер бейтапканасы;
  • Мамлекеттик салык инспекциясы;
  • Борбордук сүйлөшүү пункту;
  • ПРООН;
  • Тез жардам станциясы;
  • №3 дирекция;
  • Транспорт мамлекеттик агенттиги;
  • "Казкоммерцбанк";
  • №47, 115, 184 бала бакчалар;

Мэрия ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурап, таза суу запасын даярдап алууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0