Валентина Шевченкону Ош шаарында кантип тосуп алышты. Видео

2751
(жаңыланган 10:39 09.04.2019)
UFC чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына келди. Аны машыктыруучусу Павел Федотов менен энеси Елена Шевченко коштоп барган. Бул туурасында Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мушкерди эртең менен саат 8:00дө Ош эл аралык аба майданынан шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана спорт комитеттин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев салтанаттуу тосуп алган. Ошондой эле күйөрмандар дагы барган.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, Шевченкого кучак толо гүл карматып, даам сыздырып, андан соң кара түстөгү кооз чапан кийгизишип, жолтандабаска отургузуп алып кетишкен.

Эске сала кетсек, мушкер машыктыруучусу менен Бишкекке 7-апрель күнү келген.

Кечээ, 8-апрелде, журналисттер үчүн маалымат жыйын куруп, күйөрмандар менен жолугушуу өткөргөн.

2751
Белгилер:
видео, мушкер, Валентина Шевченко, Ош
Тема:
Валентина Шевченконун Кыргызстанга келиши (21)
Тема боюнча
Шевченко: жакшы көргөн "Ош" базарымды кыдырам
Толкуган эл. Шевченконун Бишкекте күйөрмандары менен жолуккан видеосу
Жээнбеков Шевченко менен жолугуп, жыл сайын Ысык-Көлгө келип турууга чакырды
Эл алдында Шевченко менен сүрөткө түшкөн жигит жашып кетти. Фотофакт
Аял кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

145
4-декабрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 4-декабрда күндүз өлкөдө суук болуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Талас жана Нарын өрөөндөрүндө -4…+1, Ысык-Көлдө -1…+4 градусту көрсөтөт.

Ош шаарында кар жааса, Бишкекте күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда 0…+2, Ош шаарында +3…+5 градус жылыйт.

 

145
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр. Архив

Бишкектин айрым жерлеринде 4-декабрда жарык жок болот. Тизме

93
Жарык борбор калаанын төрт конушу менен ондон ашуун көчөсүндө өчүрүлөт. Монтаждоочу бригада электр тармагынын ишин жакшыртмакчы.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда эртең, 4-декабрда, электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы кабарлады.

Жарык жок болот деген жерлер:

  • 9:00дөн 14:00гө чейин — Көк-Жар конушунда (Арстанбап, Кулмурзаев көчөлөрүндө);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Карасаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн айрым жерлеринде;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Древесная көчөсү менен Эстония тилкесинин кесилишинде;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Кара-Балта, Коммунаров, Жаз көчөлөрүнүн жана Ала-Тоо (Кызыл-Тоо, Ак-Кыя, Камыр Ата көчөлөрүндө), "Арча-Бешик" (Бердибаева, Сулуу-Төр, Садырбаева, Ойсул-Ата көчөлөрүндө), Ак-Босого (Чүй 52 жана 55) жаңы конуштарынын айрым жерлеринде.
93
Белгилер:
көчө, жарык өчүрүү, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги авариялык өчүрүү боюнча комиссия түзүлүп, ишти иликтемей болду
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө. Архив

Күрөө тапшырып, 30 миңден ашуун кол чогулткан талапкерлер. Тизме

72
(жаңыланган 00:40 04.12.2020)
Шайлоо күрөөсү менен кол чогултулган кагаздарды тапшыруу мөөнөтү аяктады. БШК текшере турган тизме анык болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 3-декабрь саат 23.59га карата 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

  • Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;
  • Адахан Мадумаров — 39 856;
  • Аймен Касенов — 46 270;
  • Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
  • Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
  • Бабыржан Төлбаев — 58 029;
  • Бактыбек Калмаматов — 35 300;
  • Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
  • Имамидин Ташов (саны белгисиз);
  • Канатбек Исаев (саны белгисиз);
  • Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);
  • Клара Сооронкулова — 33 458;
  • Кубан Чороев — 39 053;
  • Курсан Асанов — 43 864;
  • Равшан Жээнбеков — 39 874;
  • Рашид Тагаев — 40 651;
  • Садыр Жапаров — 59 998;
  • Саматбек Ибраев (саны белгисиз);
  • Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);
  • Эльдар Абакиров — 43 630.

Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.

Талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.

72
Белгилер:
талапкер, БШК, күрөө, кол, тизме, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Онколог, авиатор, сынчы... Ажо болом дегендер кайдан билим алган. Тизме