Министрлик: эмдөөдөн баш тарткан ата-эне баласы үчүн жоопкер

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүРабота мобильных прививочных пунктов в Москве
Работа мобильных прививочных пунктов в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин маалыматына караганда, эмдөөдөн баш тарткандардын саны кыскарып жатат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Балдарына вакцина алуудан баш тарткан ата-энелер жазага тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, иммундук профилактика боюнча мыйзамга ылайык, жаран эмдөөдөн баш тартууга толук укугу бар.

"Бирок дагы бир пункт бар, эгер 14 жашка чейинки бала вакцина туруштук бере алган инфекция менен жабыркаса, ата-энеси жоопко тартылат", — деди Ишенапысова.

Работа фармацевтического предприятия Рафарма в Липецкой области - Sputnik Кыргызстан
УКМК: фармбарондор дарыгерлерди колго алып койгон
Анын айтымына караганда, эмдөөдөн баш тарткандар көбөйгөн учур болгон. Ага диний көз караштар, дарынын сапатынан жана коопсуздугунан шектенүү себеп болгон. Кийин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, вакцинадан баш тарткандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 8 миңден 6,5 миңге кыскарган.

Кечээ, 9-апрелде, Баткендин №3 мектебинин окуучулары эмделген. Ата-энелердин айтымында, эмдөөдөн кийин 15 окуучу башы айланып, облустук ооруканага жеткирилген. Төрт окуучу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, калган 11 окуучу дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөрүлгөн. Ал эми акыркы маалымат боюнча бир кыздан башкасынын баары үйлөрүнө чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0