Айгуль гүлү. Архив

Баткен аймагынын символу Айгүл гүлү гүлдөдү. Сүрөт

175
(жаңыланган 16:18 10.04.2019)
Элдин кызыгуусун арттырган гүл уругунан өсүп чыккандан соң 7-8 жылдан кийин гана гүлүн ачат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Баткен шаарынын чет жакасында жайгашкан "Айгүл тоо" ботаникалык коругунда Айгүл гүлү гүлүн ачты. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришти.

Айгүл 7-8 жылдан соң гана гүлдөйт.

В Баткенской области расцвел уникальный цветок Айгуль (рябчик Эдуарда)
© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
Баткен шаарынын чет жакасында жайгашкан "Айгүл тоо" ботаникалык коругунда Айгүл гүлү гүлүн ачты

Элдин кызыгуусун арттырган гүл уругунан өсүп чыккандан соң 7-8 жылдан кийин гана гүлүн ачат. Эгерде үзүп алса, гүл өспөй калат. Андыктан токой кызматкерлери жана аны кайтарууга келген окуучулар гүлдү үзбөөнү эскертип турушат.

"Айгүл таш" коругу 2008-жылы Баткен облустук токой чарба бөлүмүнө өткөрүп берилген. 2001-жылы тоонун тескей тарабы тосмолор менен тосулган. "Айгүл таш" мамлекеттик коругунун жалпы аянты 254 гектарды түзөт. Ал 1978-жылы коргоого алынып, 2004-жылы гүл Кыргызстандын Кызыл китебине кирген.

Маалыматка ылайык, Айгүлдү үзгөндөн кийин жети жылда калыбына келет. Ай чыкканда коңгуроо сымал гүлү өйдө көтөрүлүп айды карап жайылат, ай батканда жерге ийилип гүлүн жабат. Ошол себептен "айгүл" деп аталып калган. Март айынын башында карды жиреп чыгат, апрель айынын орто ченинде гүлдөйт. Арадан 40 күн өткөндөн кийин гүлүн таштайт. Узундугу 50-150 сантиметр, 1ден 20га чейин гүл байлайт.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, башына канча гүл байласа, ошончо жашка чыккан болот.

Айгүл гүлүнүн илимий аталышы — Эдуард чаар гүлү. Эртең менен гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларын байкоого болот. Жергиликтүү эл муну сүйүшүп, бирок тилектерине жетпей калган эки жаштын көз жашы дешет. Баткендин аймагынан башка Иран, Ирак, Гималайда (Кашмир, Жамму), Түркиянын түштүк-чыгышында, Афганистанда өсөт.

175
Белгилер:
Айгүл гүлү, Баткен облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Баткен аймагынын символу Айгүл гүлдөп, туристтерди өзүнө чакырууда