Бабанов Кыргызстанга кайсы күнү келерин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат 6-го созыва ЖК Омурбек Бабанов
Депутат 6-го созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эл менен жүз көрүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын жазган.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Саясатчы, "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга 3 күндөн кийин учуп келерин айтты. Бул туурасында Facebook баракчасына бөлүштү.

"Күндү кечиктирбей, мен үчүн эң сүйүнүчтүү болгон кабарды сиздер менен бөлүшөйүн дедим. Бишкекке учканга билет сатып алдым. Кудай буйруса ушул ишембиде, 13-апрелде, саат 14:50дө Кыргызстаныма учуп келем. Сиздер менен жүз көрүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам! Жакында көрүшкөнчө, кымбаттуу элим!" — деп жазган Бабанов. 

Эске салсак, буга чейинки түз эфиринде Бабанов жакында Кыргызстанга кайтып келерин айткан эле.

Республика — Ата-Журт партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов чет жакка эмнеге кеткендигин айтты
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деген кине менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 2018-жылы сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө процесси токтотулганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0