Депутат Айсулуу Мамашова көз жарды

Жазылуу
Эне-баланын абалы жакшы экени айтылды.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова уулдуу болду. Маалыматты депутат өзү Sputnik Кыргызстандын кабарчысына тастыктады.

Ымыркай жарык дүйнөгө 31-март күнү келип, Алим деген ысым берилди. Эне-баланын абалы жакшы экени айтылды.

Жаңы төрөлгөн наристе эл өкүлүнүн экинчи баласы.

Мамашованын жолдошу Данияр өлкөдөгү коммерциялык банктардын биринде башкармалыктын мүчөсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0