Камактагы адам. Архив

Кантта өспүрүмдү уурдады делген кишинин иштеген жери айтылды

6167
(жаңыланган 00:10 12.04.2019)
Жергиликтүү тургундар шектүүлөрдүн биринин сүрөтүн көрөр замат таанышкан.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кант шаарынын тургундары 12 жаштагы Данилди уурдады делген кишилердин бирин таанышты. Алардын айтымында, жаран маршрутка айдап иштейт.

Задержанный по подозрению похищения 12-летнего мальчика в Канте
© Фото / пресс-служба МВД
Кант шаарынын тургундары 12 жаштагы Данилди уурдады делген кишилердин бирин таанышты. Алардын айтымында, жаранф маршрутка айдап иштейт

“Кармалгандардын биринин сүрөтүн көрөрүбүз менен тааныдык. Ал жергиликтүү маршрутканын айдоочусу. Аны Канттагылардын көбү билет”, - дешти тургундар.

Эскертке кетсек, өспүрүмдү бүгүн эртең менен мектепте бара жаткан жеринен Кант шаарынан элдин көзүнчө, көчөдөн Honda Fit автоунаасына күчтөп салып кетишкен. Баланы салып жаткан учур видеого түшүп калган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, өспүрүм 11-апрелде саат 21:30да Бишкектин четиндеги Панорамадагы гараждардын биринен табылган. Алдын ала маалымат боюнча эки шектүү кармалды.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен каттоого алынды.

6167
Белгилер:
кылмыш, өспүрүм, Бишкек
Тема:
Кантта уурдалган өспүрүм (13)
Тема боюнча
Чукул кабар! Кантта уурдалган бала табылды