"Кант" авиабазасынын тик учагы уурдалган баланы издеп эки ирет асманга көтөрүлдү

© пресс-служба авиабазы "Кант"Тик учак. Архив
Тик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиабазага милиционерлер жардам сурап кайрылган.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. "Кант" авиабазасынын тик учагы уурдалган 12 жаштагы Данил Браилкинди издөө иштерине катышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине базанын маалымат кызматы билдирди.

Авиабазага милиционерлер жардам сурап кайрылган. Тик учак ак түстөгү Honda Fit автоунаасын издеп асманга эки ирет көтөрүлгөн. Бирок жыйынтык чыккан эмес.

Жолдо бараткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канттагы баланы чет элдиктер уурдаганбы? Чүй милициясынын жообу
Браилкиндин бүгүн эртең менен уурдалганы маалымдалып, ал учур видеого тартылып калган. Анда бейтааныш киши баланы "Яндекс таксинин" логотибине окшош машинага салып жатканын көрүүгө болот. Аталган компаниядан маалымдашкандай, алар да баланы издөөгө кол кабыш кылууда. Баланын атасы болсо уулун уурдап кеткендер байланышка чыкпаганын айтты.

Чүй облустук милициясы Данил Браилкин тууралуу маалымат билгендер болсо 102 жана (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0700) 28-26-99 номерлерине чалып коюуну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0