Чукул кабар! Кантта уурдалган бала табылды

Жазылуу
Белгисиз адамдар өспүрүмдү уурдап кетишкен болчу.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кантта уурдалган Данил Браилкин Бишкектин жогору жагындагы Панорама деп аталган аймактан табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өспүрүмдү бүгүн эртең менен мектепте бара жаткан жеринен Кант шаарынан элдин көзүнчө, көчөдөн Honda Fit автоунаасына күчтөп салып кетишкен.
Баланы салып жаткан учур видеого түшүп калган.

"Бүгүн Чүй облустук милициясынын кызматкерлери баланы кечки саат 21:30да аман-эсен тапты. Абалы жакшы", — деп билдиришти облустук милициядан.

Тартип коргоо органдарындагы маалымат булагынын айтымында, баланы Бишкекке жакын Панорама деп аталган аймактагы үйлөрдүн бириндеги жер төлөдөн таап чыгышкан.

Факты Жоруктар жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен катталды.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0