Митингдин катышуучулары. Архив

Акимиат Бабановду колдоо митинги боюнча сотко кайрылды

325
(жаңыланган 09:43 12.04.2019)
Митингди 13-апрелде өткөрүү пландалган болчу.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Өмүрбек Бабановду колдоо митингин өткөрө турган жерди чектөө боюнча маселе каралат. Бул тууралуу "Республика" партиясынын катчылыгынан билдиришти.

Буга чейин аталган партия Бишкектин эски аянтында 10 миң адамдын катышуусунда митинг өткөрүү үчүн мэрияга кат жолдогон.
Митинг 13-апрелде саат 14.00дөн 20.00гө чейин өтөөрү айтылган. Бабанов өзү Москвадан ушул күнү саат 14.50дө учуп келерин жар салган.

"Конституция боюнча кандайдыр бир акция уюштуруу үчүн жергиликтүү бийликти алдын ала кабардар кылышы керек. Бирок Биринчи Май райондук акимиаты митингди өткөрө турган жайга чектөө киргизүүнү сурап сотко кайрылды. Процесс 12-апрель, саат 9.00гө белгиленген", — деп билдирди катчылык.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.
УКМКнын маалыматы боюнча Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.

Нооруз күнү Бабанов кыргыз элине куттуктоо жолдоп, сөзүнүн соңунда "жакында көрүшкөнчө" деп жазган. Ал эми УКМК саясатчы келсе "мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын" эске салган.

325
Белгилер:
Бишкек мэриясы, акимиат, Бишкек, сот, Митинг, Өмүрбек Бабанов
Тема боюнча
Бабановду тосууга 10 миңдей тарапташы чыгышы мүмкүн. Мэрге кат жолдонду
Бабанов Кыргызстанга кайсы күнү келерин айтты