Министрлик: окуу жылы 25-майда аяктайт

Жазылуу
Тиешелүү буйрукка министр Гүлмира Кудайбердиева кол койду.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 2018-2019-окуу жылы 25-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка министр Гүлмира Кудайбердиева кол койду.

Маалыматка караганда, жалпы билим берүү борборлорунда экзамен тапшыруу 27-31-май аралыгында жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0