Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарга кар көчкү түшөт

© Фото / Зульфия ТургуноваКар көчкү. Архив
Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 12-15-апрель аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек — Ош унаа жолунун 132-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 246-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 81-90-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0