Депутат айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн кайра кароо сунушун берди

© Sputnik / Табылды КадырбековПерекрытие площади Ала-Тоо для подготовки к празднованию Нооруза
Перекрытие площади Ала-Тоо для подготовки к празднованию Нооруза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү ага көптөгөн жарандар арызданып жатканын айтты.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында эреже бузган жарандарга салынып жаткан айып пулдун көлөмүн кайра карап чыгуу керектигин айтты.

Учурда өкмөт аткарган иштери боюнча көпчүлүк коалицияга отчет берүүдө.

Оплата автомобильного штрафа в КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жол эрежесин бузгандардын айып пулу алынбай жатабы? ИИМдин жообу
Рыспаев талкуу учурунда Кыргызстанда орточо айлык канча экенин сурады.

Өз кезегинде экономика министри Олег Панкратов өлкөдө жашоо минимуму 4792 сом экенин, ал эми 2018-жылы орточо айлык 16218 сомду түзгөнүн билдирди.

Министрдин берген жообуна эл өкүлү канааттанбай, алардын берген документинде орточо эмес, номиналдык айлык акы деп көрсөтүлүп турганына көңүл бурду.

"Алдап жазбагыла! Номиналдык орточо айлык акы деп жазылып турат, биз да окуганды билебиз. Айып пулдарды кайрадан караш керек. Айып салууга каршы эмесмин. Бирок социалдык жашоо-турмушту да караш керек да. Жарандар арызданып бизге кайрылып жатышат", — деди депутат.

Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев алар депутаттар колдоп, кабыл алып берген мыйзам менен иштеп жатканын, эгер эл өкүлдөрүндө сунуш болсо чогуу карап чыгууга макулдугун билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында "Коопсуз шаар" долбоору февраль айынан тарта иштей баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0