UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченко улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды.

Айтматовдун фонду Шевченкого "Дүйнө жараны" титулун ыйгарды. Сүрөт

434
(жаңыланган 21:26 12.04.2019)
Валентина Шевченко Кыргызстанга 7-апрелде келип, Бишкек менен Ош шаарында күйөрмандары менен жолуккан.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченко улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды. Бул тууралуу Айтматовдун эл аралык фондусунан билдиришти.

Белгилүү жазуучунун уулу Элдар Айтматов Валентина өз жеңиши менен өлкөнүн атагын чыгарып, көптөгөн мекендештерди шыктандырганын жана жеңиштин символу болуп калганын белгиледи.

Экскурсиядан кийин Элдар Айтматов Валентина Шевченкого фонддун атынан Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Дүйнө жараны" деген титулду ыйгарды. Аны менен катар жайында өтө турган Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык кечесине чакырды.

  • UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченко улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды.
    © Фото / Международный фонд им. Чингиза Айтматова
  • Белгилүү жазуучунун уулу Элдар Айтматов Валентина өз жеңиши менен өлкөнүн атагын чыгарып, көптөгөн мекендештерди шыктандырганын жана жеңиштин символу болуп калганын белгиледи.
    © Фото / Международный фонд им. Чингиза Айтматова
  • Экскурсиядан кийин Элдар Айтматов Валентина Шевченкого фонддун атынан Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Дүйнө жараны" деген титулду ыйгарды.
    © Фото / Международный фонд им. Чингиза Айтматова
  • Аны менен катар жайында өтө турган Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык кечесине чакырды.
    © Фото / Международный фонд им. Чингиза Айтматова
  • Чыңгыз Айтматовдун эл аралык фондусунун негизги максаты көп жылдардан бери топтолгон көркөм, коомдук жана чыгармачылык тажрыйбаны, гумандуулукту өнүктүрүүгө жумшоо болуп саналат.
    © Фото / Международный фонд им. Чингиза Айтматова
  • Белгилей кетсек, Валентина Шевченко Кыргызстанга 7-апрелде келип, Бишкек менен Ош шаарында күйөрмандары менен жолуккан.
    © Фото / Международный фонд им. Чингиза Айтматова
1 / 6
© Фото / Международный фонд им. Чингиза Айтматова
UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченко улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды.

Чыңгыз Айтматовдун эл аралык фондусунун негизги максаты көп жылдардан бери топтолгон көркөм, коомдук жана чыгармачылык тажрыйбаны, гумандуулукту өнүктүрүүгө күч жумшоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко Кыргызстанга 7-апрелде келип, Бишкек менен Ош шаарында күйөрмандары менен жолуккан.

Ал акыркы ирет Кыргызстанда 2011-жылы болгон. Шевченко көп жылдан бери чет мамлекетте жашап, машыгып келет.

Кыргызстандык мушкер Шевченко UFC уюмунда 2015-жылдан бери күч сынашууда. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

434
Белгилер:
музей, Чыңгыз Айтматов, Валентина Шевченко
Тема:
Валентина Шевченконун Кыргызстанга келиши (21)
Тема боюнча
WEF: күйөрман чепкен менен калпакты Шевченкого эмес, Федотовго кийгизем деп чыккан
Валентина Шевченкону Ош шаарында кантип тосуп алышты. Видео
Катырыптыр! Шевченконун Ошто кара жорго, лезгинка бийлеген видеосу