Книга. Архивное фото

Бишкекте билим берүү боюнча фестиваль өтөт

87
(жаңыланган 10:27 13.04.2019)
Эки күндүк фестивалдын программасында 200дөн ашык иш-чара өткөрүү пландаштырылган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Борбор калаада жыл сайын өтүп келген Билим фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу Роза Отунбаева атындагы эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Фестиваль эки күн — бүгүн жана 4-майда болуп, "Кыргызстандын санарип мууну: IT билим берүү жана билим берүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технология" деп аталат.

"Эки күндүк фестивалдын программасында 200дөн ашык иш-чара өткөрүү пландаштырылган. Анда катышуучуларга интерактивдүү көргөзмө, мультимедия инсталляциялары, 3D купол, роботтордун мелдеши, астрономиялык байкоо жүргүзүүлөр, илимий-таанып билүү фильмдери көргөзүлөт. Ошондой эле IT жана программалоо тармагындагы эксперттер менен жолугушуулар, концерттер, театралдык көрсөтүүлөр, бий мелдештери уюштурулуп, белгилүү адамдар балдарга китеп окуп берет", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, жогорку класстардын окуучуларына маалыматтык-коммуникациялык технология жана IT тармагы боюнча кесиптик багыт берүүгө арналган мастер-класстардын сериясы өткөрүлөт.

87
Белгилер:
билим, фестиваль, иш-чара
Тема боюнча
Президент быйыл күздө мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы көбөйөрүн айтты
Мадумаров: билим берүү тармагын колго алмайын экономика өнүкпөйт
Кыргызстанда билим берүү толук акы алмайга өтсө кандай болот? 5 пикир
Россияда канча кыргызстандык жогорку билим алып жатканы айтылды