Кыргызстандын алдыңкы көк бөрүчүлөрү күйөрмандары менен жолугат

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 6 день. Кок-бору (Финал). Кыргызстан — Узбекистан
III Всемирные игры кочевников. 6 день. Кок-бору (Финал). Кыргызстан — Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага келген күйөрмандар улакчыларга суроо узатып, оюндарга катышат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкекте көк бөрүнүн жогорку лигасында ойногон улакчылар күйөрмандары менен жолугат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Иш-чара "Дордой плаза" соода борборунда 14-апрель күнү саат 14.00дө башталат. Ага "Ынтымак", "Достук", "Бакубат-Талас", "Көк Жал", "Сары-Өзөн" жана "Сары-Өзөн — Рассвет" командалары катышат.

"Улакчылар күйөрмандарынын жана журналисттердин суроолоруна жооп берет. Ошондой эле оюндар уюштурулат. Мындан сырткары, эстрада ырчыларынын катышуусунда шоу-программа пландалган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чара улуттук спорттун түрлөрүн пропагандалоо жана көк бөрү оюнун өнүктүрүп, жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0