Жолдо бараткан адам. Архив

Аламүдүн районунда 47 жаштагы киши жоголду. Сүрөт

97
(жаңыланган 15:23 13.04.2019)
Аны жакындары бир жумадан бери издеп жатышат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Милиция дайынсыз жоголгон 47 жаштагы Рахман Бековду издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Без вести пропавший в Бишкеке Беков Рахман
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Милиция дайынсыз жоголгон 47 жаштагы Рахман Бековду издеп жатат

Ага ылайык, Беков 5-апрелде саат 21:00дөр чамасында Аламүдүн районундагы Кайырма айылындагы Айдаралиев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Бою 168-170 сантиметр, чачы кыска, ак аралаган. Кой көз, кырдач мурун.

Үстүнө кара түстөгү тери күрмө, көк футболка, көк джинсы, башына кара кепка кийген. Бутунда кара түстөгү өтүк болгон.

Чекесинде жана колунда тырыгы бар. Маңдайкы үстүңкү тиши сары металлдан салынган.

97
Белгилер:
жоготуу, издөө
Тема боюнча
Табышып койгула! Бишкектин четинен киши жоголду. Сүрөт