Жаш-кары дебей тийишкен эркектер көбөйдү... Ажырашкан аялдын арыз-муңу

© AFP / Geoffroy VAN DER HASSELTЭркек жана аял. Архив
Эркек жана аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсү эки баласы менен таштап кеткен келиндин каты жарыяланды.

Күйөөдөн чыккан кыз-келиндер менин жазган катымды жакшы түшүнсө керек. Анда сөз башынан болсун.

Показ новой коллекции Валентина Юдашкина на Неделе моды в Париже - Sputnik Кыргызстан
Төркүнү байыган сайын аялым теңине албай баратат. Эки жакты тең кыя албаган жигит
25 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз бир жылча сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Ал базарда соода кылып, мен мамлекеттик кызматта иштечүмүн. Бирок баш кошкондон кийин үч айга жетпей күйөөм кызганып жатып жумуштан чыгарып алды. Анын үстүнө боюмда да болуп калган. Эч нерседен кем болбой, жетиштүү эле жашадык. Ары-бери карагыча эки балалуу болдук. Экинчи уулум бир жаштан ашып калганда жолдошумдун башка адамы бар экенин, өзүнөн кичүү кыз менен көптөн бери сүйлөшүп жүрөрүн угуп калдым. Албетте, ишенген жокмун. Анткени ал балдарына карамдуу, үй-бүлөгө камкор эле болчу. Укканым кийин чын болуп чыкты. Экөөбүз ошонун айынан уруша берип, акыры ажыраштык. Жарым жылга жетпей үйлөнүп алганын уктум.

Күйөөдөн чыккан балалуу кыз төркүнгө деле батпай калат экен. Ата-энемдин үйүндө балдарым менен инимдин балдары батышпай, күндө уруш-талаш. Күйөөм менен келип жүргөн кезде баары "Гүлнара, Гүлнара" деп турушчу. Азыр кайдан... Көчөгө чыга албайсың, туугандарың менен деле мамиле мурункудай эмес. Айтор, күйөөсү жок кыздын төркүндө деле баркы болбойт экен.

Шаарга келип мурдагы жумушума аракет кылып кайра кирип, балдарымды апамды кошуп жаныма алып алгам. Жумуштагылар да ажырашып кеткенимди билишет. Ошол себептенби, эркектер жылмаңдап, жеңил ойлуудай мамиле кылып тажатышты. Бир күнү кесиптешим экөөбүз ошонун айынан урушуп кеткенбиз.

Тамактанып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялым аябай семирип кетти, теңтуштардан уялам. Эркектин каты
Кээ бир тааныштарым "жашсың, кайра күйөөгө тий" дешет. Эки бала менен кайдагы күйөө, ким алат? Күйөөм менен ажырашканыма эки жыл болду, бирок депрессиядан дагы эле чыга албай жатам.

Анын үстүнө тытынып иштеп атып өзүмдү да таштап салдым окшойм. Мамлекеттик жумуштун айлыгы менен эки баламды бакканга жетпейт. Кошумча жумуш караштырууга туура келүүдө. Чет өлкөгө иштеп кетейин деп балдарымды кыя албайм. Эмне кылышты да билбей калдым. Кандай кеп-кеңеш бересиздер?

Гүлнара Жасоолова, психолог:

Жаштарга дагы бир жолу кайрылып кетер элем. Үй-бүлө кураардын алдында кыз да, эркек да кесип тандаган сыяктуу атайын окуудан өтүп, даярданып, психологдор менен кеңешип, анан турмуш курса жакшы болот эле.

Аялдар көбүнчө "мени күйөөм багат" деп ошого ыраазы болуп отура бербей, жок дегенде жакшы көргөн жумушу менен алектениши зарыл. Аялы күйөөсүнө окула элек китептей кызык, анан сырдуу болсо, жолдошу аны ачканга ошончо аракет кылат. Үй-бүлөдө жубайлар биргелешип иштеп, биргелешип бала тарбияласа ынтымагы да, мамилеси да бекем болот. Анан аял кишилерге эч качан бирөөнүн сөзү менен чечим чыгарбагыла деп айтаар элем. "Башкасы бар экенин бирөөлөрдөн уктум" деп күйөөсү менен ошол себептен да урушуп-талашып мамилеңерге жарака кетирбегиле. Качан эркек өзү айткан учурда гана, ошондо да жай отуруп сүйлөшүп, анан чечим чыгарган оң.

Уктоочу бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүмөн кичүү жигит менен жашайм, бирок корком... Аялдын каты
"Төркүнүмө да батпай калдым", "кесиптештер башкача мамиле кылат" деген бул кат жазган келиндин өзүнүн ою. Ага эч кимдин мамилеси өзгөргөн жок. Болгону ал баарын ошондой кабыл алып жатат. Буга депрессия да себеп болушу мүмкүн.

Кайрылган келинге кеңешим, мурдагы жумушка кайра кирип иштеп жатыптырсыз. Сиз күйөөсү таштап кеткен жалгыз аял эмессиз. Ошондуктан белди бекем бууп, күчтүү болуш керек. Депрессиядан арыла албай жатсаңыз, психолог менен бетме-бет отуруп сүйлөшүп, баарлашыңыз.

Өзүңүзгө да убакыт бөлгөндү унутпаңыз. Адам өзүн баалай баштаганда гана жашоодон ырахат алып жашайт. Балдарды каралашкан апаңыз бар экен, жумушка кириптирсиз. Ден соолук, алты саны аман болуп ишке чыккандын өзү жакшы көрүнүш эмеспи.

Чет өлкөгө иштеп же экинчи турмуш курууга шашылбай, бул боюнча эрте чечим чыгарбай кое туруңуз. Мамлекеттик жумушта иштеп деле балдарын багып жүргөндөр көп да. Балдарыңыз атасыз чоңоюп жатат. Жок дегенде апасынын мээримин көрүп өсүшү керек. Эгер сиз башка өлкөгө балдарды таштап иштеп кетсеңиз тарбия, мээрим көрбөй өскөн балдардын тагдыры да силердикин кайталап калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0