Согуш. Архив

Ок чачкан пулемётко секирип... Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу 7 факты

1035
"Өзү өлсө да, баатыр өлбөйт. Эрдиги калат кылымга". Татар акыны Муса Жалилге таандык бул саптар баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин жашоосун, согуштагы эрдигин жана келечек муунга калтырган мурасын сүрөттөгөнсүйт.

Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев мындан туура 97 жыл мурда жарык дүйнөгө келген. Анын Улуу Ата Мекендик согуш учурунда көрсөткөн эрдиги бүткүл Союздун ичинде легендага айланган. Биз баарыбыз билгендей, Чолпонбай ок чачкан дзотту көкүрөгү менен тосуп, баатырларча курман болгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз элинин эр жүрөк уулу тууралуу кызыктуу фактыларды окурмандарга сунуштайт.

Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында Советтер союзунун баатыры Исмаилбек Таранчиев менен Алексей Ткачевдин эрдигинин 75 жылдыгына карата шашки турнири өттү
© Фото / Пресс-служба авиабазы ОДКБ "Кант"
Чолпон жылдызынан коюлган ысым. Чолпонбай Түлөбердиев Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында 1922-жылы 13-апрелде дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Белгилүү жазуучу Касымалы Жантөшев "Чолпонбай" аңгемесинде болочоктогу баатырдын жайлоодо таңга жуук жарык дүйнөгө келгендигин, Түлөберди атанын асмандагы жаркырап турган Чолпон жылдызын көрүп, наристесине ушул атты ыйгаргандыгын жазат. Ал 11 жашка чыкканда атасынан айрылат. Ошентип болочоктогу баатырдын апасы Суураке төрт баласы менен жалгыз калат.

Жумуштан качпаган мээнеткеч бала. Советтик режим жаңы гана курулуп, бүт өлкөнү оор заман коштоп турган кезде жетим калган үй-бүлөнүн башынан оор мезгилдер өтөт. Кичинекей Чолпонбай апасын кор кылбай багуу үчүн жаштайынан кара жумушка бышып, талаада чоңдор менен теңата иштеп, абдан мээнеткеч болуп чоңоёт. 1933-жылы мектеп босогосун аттаган жаш бала жети жыл билим алат. Сабактарына жакшы көңүл буруп, окуусун татыктуу аяктаган соң колхоздо түрдүү жумуштарда иштей баштайт. Анын замандаштарынын айтымына караганда, Чолпонбай сымбаттуу, куулук-шумдугу жок жигит болгон.

Согушка аттануу. Калктын башына кара түн түшүп, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик Согуш башталат. Мекенди коргоо үчүн кыргыз жигиттери майданга аттана баштайт. Чолпонбай Түлөбердиев да ошол эр-азаматтардын катарында 1941-жылы декабрь айында Кызыл Армиянын катарына кошулат. Ошентип 19 жашка толгон жигит кандуу казатка аттанат.

Дзотту денеси менен тоскон баатыр. Чолпонбай Түлөбердиев баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта – Воронеж облусунун Лескинский районуна караштуу Селявный кыштагын бошотууда болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөтөт. Согуш оту алоолонуп турган 1942-жылдын 6-августунда Түлөбердиев Воронеж фронтунун 6-армиясындагы 160-аткычтар дивизиясынын 636-аткычтар полкунун жоокери болчу. Ошол күнү полк Дон дарыясынын бир өйүзүн ээлеп турган. Ал эми дарыянын ары жагындагы Селявный кыштагы душмандын карамагында болчу. Фашисттер кыштактагы 120 метр бийиктиктеги дөңсөөгө тыгыз жайгашып, советтик аскерлерге каршы ок жаадырып, өткөрбөй турушкан. Ошол күнү жогору жактан айылды кандай гана болбосун ээлегиле деген буйрук келет. Аны аткаруу үчүн Чолпонбай он жоокер менен бирге душмандын уюгун көздөй жөнөйт. Советтик аскерлер сууну сүзүп өтүп, каршы жээкке чыгат. Бирок немистердин дөңсөөдө жайгашкан замбиректери тынбай ок чыгарып, алардын жолун торойт. Кыштакты ээлөөнүн жалгыз жолу замбиректер жайгашкан дзотту жок кылуу эле. Ошондо жыйырмага жаңы толгон кыргыз жигити баарын өз колуна алат. Алгач курунан эки граната алып чыгып ок чачкан уюкка ыргытат. Жардыруудан улам замбиректер бир саамга тынчый түшөт. Чолпонбай аларга карай жүгүргөндө оң далысына ок жеп жыгылат. Бирок жарадар болгонуна карабай, бүт күчүн жумшап дзоттун оозун денеси менен басып жыгылат. Анын бул эрдиги душмандын ок атуусун аз убакытка болсо да токтотот. Бирок бул кызыл армиячылар үчүн жетиштүү эле. Алар чабуулга өтүп, дзотту жок кылып, кыштакты ээлешет.

Акыркы кат. Касымалы Жөнтөшевдин аңгемесинде Чолпонбай согушка аттанып жаткан кезде аны сапарга узатуу үчүн жакшы көргөн кызынын келгендиги, кыз сүйүктүүсүнүн колун акыркы жолу кармап көзүнө жаш алгандыгы жазылат. Ал эми баатырдын айылындагы музейинде анын фронттон Гүлнар аттуу кызга жазган каты бар. Анда "Кандайсың, сүйүктүүм Гүлнар? Согуш катуу жүрүп жатат. Душмандар менен тынбай салгылашып жатабыз. Акыркы күндөрү уйкудан да калып жүрөм. Сенин жазган каттарыңды алып жатам. Сага сүйүнүчтүү кабарым бар. Айтсам, мен көптөн күткөн комсомолго да өттүм. Эми үчөө үчүн согушам. Сен, комсомол жана өзүм үчүн", – деп жазылган. Бул Чолпонбай Түлөбердиевдин акыркы каты эле.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү, саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов
© Фото / иллюстрации из книги Ж. Абдрахманова "1916. Дневники. Письма к Сталину"
Дөңсөөгө коюлган мүрзө. Баатырдын сөөгү өзү эрдик менен курман болгон Селявный айылындагы дөңсөөгө коюлган. Аны менен бирге болгон жолдоштору жана командирлери мүрзөгө жыгачтан эстелик коюшуп, "Сага, кыргыз элинин баатырына, түбөлүк даңк! Элдин ишенимдүү уулу Түлөбердиев Ата Мекендин даңкына өзүнүн эрдиги менен өзүн жана элин өлбөс-өчпөс даңкка бөлөдү!" – деп сыя калем менен жазышкан. Ошондой эле анын чөнтөгүнөн гезиттен кыркып алынган М. И. Калининдин сөздөрү табылган. Анда "Өмүр – адам үчүн эң баалуу нерсе, бирок андан кымбаттуу нерсенин урматына өмүр курмандыкка кете турган учурлар да болот экен, ал эми өмүр – өз мамлекетин, улуттук көз каранды эместикти сактоо үчүн курмандыкка чалынат", – деп жазылган.

Келечек муунга калтырган мурасы. Чолпонбай Түлөбердиевге көрсөткөн эрдиги үчүн 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам берилген. Андан тышкары, "Кызыл Жылдыз" медалы, Ленин ордени ыйгарылган. Ошол эле учурда азыр баатыр төрөлгөн айыл анын атын алып жүрөт. Кичи мекенинде анын музейи жана окко төшүн тоскон жоокердин эстелиги турат. Андан сырткары, Воронеж облусундагы Селявный жана Киров айылдарында баатырдын эстеликтери орнотулган. Облуска караштуу Нововоронеж шаарындагы жана Селявный менен Давыдовка айылдарындагы мектептерге, Лиски шаарындагы көчөгө аты берилген.

1035
Белгилер:
факты, Улуу Ата Мекендик согуш, баатыр, Чолпонбай Түлөбердиев
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (275)
Тема боюнча
Акаевдин бирден-бир атаандашы болгон. Насирдин Исанов тууралуу 7 факты
Төрөкулунун бейитин таппай... Нагима Айтматова тууралуу 15 факты