Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү

Сооронбай Жээнбеков Германияга учуп кетти. Сапардын программасы

392
(жаңыланган 10:07 15.04.2019)
Президенттин аталган өлкөдөгү мекендештер менен жолугары айтылды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, Германия Федеративдүү Республикасына (ГФР) расмий визит менен учуп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Визит эки күнгө созулмакчы.

Жээнбеков сапардын биринчи күнү болгон 15-апрелде Мюнхен шаарында Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан Херман менен, экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат.

"Андан тышкары, Х.Зайдель атындагы фонддо Бавариянын коомдук жана саясий ишмерлеринин алдында сөз сүйлөйт. кыргыз-немис бизнес-форумунун ачылышына катышат, ошондой эле Pellmeyer айыл чарба ишканасына барып, мекендештер менен жолугушат", — деп айтылат маалыматта.

Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ал эми 16-апрелде Берлинде мамлекет башчынын ГФР Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германиянын канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуусу пландаштырылган. Жээнбеков менен Меркель ЖМК үчүн билдирүү жасашат.

Президент Жээнбековдун Германияга болгон расмий визитинин жыйынтыгы менен дипломатиялык алакалар, экономика жана өнөр жай, айыл чарба, агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

392
Белгилер:
расмий сапар, Германия, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Президент Жээнбековдун Германияга болгон сапары (7)
Тема боюнча
Жээнбеков бир нече сотту кызматынан алды
Президент коңшулар менен болгон көйгөйлөрдүн чечилишинен кеп кылды