Певец Мирбек Атабеков во время выступления на мероприятии, посвященное седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года на центральной площади Ала-Тоо в Бишкеке

Мирбек Атабеков "Ты супер!" сынагынан катышуучусу Урматтын кыялын орундатат

316
(жаңыланган 10:22 15.04.2019)
Жаш талант 2017-жылы өлкө атынан Россиядагы долбоорго жалгыз катышкан.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын атынан эл аралык сынакка катышкан Урмат Мырсаканов менен ырчы Мирбек Атабеков дуэт ырдап чыгат. Бул тууралуу белгилүү ырчы өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Mirbek Atabekov (@mirbek_atabekov)

Кыргызстандык өспүрүм буга чейин НТВ телеканалындагы "Ты супер!" сынагында өз өнөрүн көргөзүп, анын бир нече турунан өткөн. Жаш талант 2017-жылы өлкө атынан ал долбоорго жалгыз катышып, жакында жергиликтүү телеканалдардын бирине ырчы Мирбек Атабеков менен бирге ырдоо кыялы бар экендигин билдирген. Белгилүү ырчы Урматтын сунушун кабыл алды.

"Урмат, кыялыңа даярдана бер. Буюрса кыргыз эстрадасында дагы бир жылдыз жанмакчы. Сенин үнүң мыкты, азаматсың. Эстрада жылдыздарынын арасынан мени тандаганың үчүн рахмат. Жакын арада жолугуп, жаңы трек жаздырабыз", — деп билдирген Атабеков.

12-летний Урмат Мырсаканов на музыкальном шоу для талантливых воспитанников детских домов Ты супер!
© Sputnik / Евгения Новоженина
Кыргызстандын атынан эл аралык сынакка катышкан Урмат Мырсаканов

"Ты супер!" конкурсу НТВ жана Sputnik эл аралык маалымат агенттиги тарабынан демилгеленип, Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Музыка жаатында таланттуу балдар КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттеринен катышкан. Алардын катарында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Грузия, Молдова, Казакстан, Кыргызстан жана Эстония бар.

316
Белгилер:
дуэт, Мирбек Атабеков, Урмат Мырсаканов, Кыргызстан
Тема боюнча
"Ты супер" конкурсунун катышуучусу Урматтын кыялын Sputnik орундатты
Канат байлап... "Ты супер!" сынагынын 3-турунун ачылышы болду