Ооруп калган аял, Архивдик сүрөт

Дарыгерлер рактын 10 баштапкы белгисин аташты

774
(жаңыланган 13:42 15.04.2019)
Адистер шек пайда болгон учурда дароо дарыгерге кайрылууга чакырат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. АКШлык медиктер онкологиялык оорунун 10 баштапкы белгисин аташты. Бул тууралуу "Известия" жазып чыкты.

Организмдеги өзгөрүүлөргө көңүл буруп, айтылган белгилер байкала турган болсо, дароо врачтарга кайрылуу сунушталат.

Рактын белгилери:

  • чарчоо;
  • арыктоо;
  • дене-бойдун ооруксунушу;
  • териде түшүнүксүз нерселердин пайда болушу;
  • чыйрыгуу;
  • теринин бузулушу;
  • жөтөлүү;
  • табарсыктын же тамак сиңирүүчү органдын функциясынын бузулушу;
  • кансыроо;
  • тамакты жута албай кыйналуу.
774
Белгилер:
дарыгер, оору, рак
Тема боюнча
Өтүшүп кеткен эмчек рагына даба болчу антибиотик табылды
Чарчайсың, тилиң буулат... Мээ рагынын алгачкы белгилери
Өспүрүм балдар. Архив

Туугандары изделүүдө. РФтен кыргызстандыктар таштап кеткен 5 бала алып келинди

49
(жаңыланган 16:02 17.05.2021)
Министрлик бөбөктөрдү кайтарып берүү үчүн тууган-туушкандарын издеп жатат. Азырынча кичинекейлер балдар үйүнө жайгаштырылган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстанга Москва шаары менен Москва облусунан эки жашка толо элек беш бала алып келингенин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү боюнча министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул бөбөктөрдү кыргызстандык кыз-келиндер Россиядагы төрөт үйлөрүнө таштап кетишкен. Кичинекейлер мекенине алып келингенден кийин балдар үйлөрүнө убактылуу жайгаштырылган. Маалыматта министрлик бөбөктөрдү кайтарып берүү үчүн тууган-туушкандарын издеп жатканы айтылды.

2021-жылдын башынан тарта Кыргызстанга 11 бөбөк алып келинген. Алардын алтоосун ата-энеси таштап кеткен.

49
Белгилер:
балдар, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Чүйдөгү балдар үйүнөн качып кеткен өспүрүм изделүүдө. Сүрөт
Аял керосин лампаны күйгүзүп жатат. Архив

18-майда Бишкектин бир нече районунда жарык болбойт. График

39
(жаңыланган 16:02 17.05.2021)
Электр жарыгы шаардын кичи райондорунда, айрым конуштарда, ошондой эле бир катар көчөлөрдө өчүрүлөт.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Эртең, 18-майда, Бишкектин айрым райондорунда убактылуу жарык болбойт. Бул тууралуу маалымат "Түндүк электр" ишканасынын расмий сайтына чыкты.

Бул күнү мекеменин жумушчу топтору үйлөрдүн электр зымдарын, трансформаторлорду жана көмөк чордондорду оңдоо иштерин жүргүзөт.

График:

  • Саат 09:00 дөн 17:00 гө чейин — 10-кичи райондогу №1 көп кабаттуу үй;
  • Саат 09:00 дөн 18:00 гө чейин — Арча-Бешик, Ынтымак, Киргизия-1 конуштарында, ошондой эле Азия, Абдрахманов, Шералиев, Садырбаев, Эркин-Тоо, Бос-Бөлтөк, Кожомкулов, Буденный, Абдраимов, Жеңиш, Баялинов, Малышев, Минск жана Багратион көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө жана Беломорский кууш көчөсүндө электр жарыгы убактылуу өчөт.
  • Саат 09:00 дөн 18:00гө чейин —Токомбаев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү.
39
Белгилер:
оңдоо иштери, өчүрүү, "Түндүк Электр" ишканасы, Бишкек, электр жарыгы
Тема боюнча
Суусу азайып кеткен Токтогул суу сактагычынан таасирдүү 15 сүрөт
Депутат Алтынбек Сулайманов. Архив

Кумтөр бул рак! Депутат алтын кенин таптакыр жаап салууну сунуштады

0
(жаңыланган 18:23 17.05.2021)
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Кумтөр кенин жаап салууну сунуштады.

Бүгүн, 17-май күнү, парламентте аталган ишкананы сырттан башкарууга алуу маселеси каралып жатат.

Эл өкүлү мындай сунушун экологияны сактап калуу керек деп түшүндүрүп, коңшу Кытай өлкөсүн мисал келтирди.

"Кытай 30 жылда бизге окшоп миллиард эмес, триллиондорду таап, бирок экологиясын талкалап алган. Эми 30 жыл иштеп, экономикасын көтөргөн акчанын баарын салса дагы кайра калыбына келтире албасын түшүндү. Азыр башкаларга экологияңарды сактагыла деп айтып жатат. Бүткүл дүйнө экологияны биринчи орунга коюп, жашыл экономиканы көздөй бара жатат", — деди депутат.

Сулаймановдун айтымында, Кумтөрдү кайсы тарап иштетсе дагы мындан ары өлкөнү зыянга гана учурата берет.

"Мамлекет начар менеджер" деп бекеринен айтылбайт. Өзүбүз иштетсек деле талап-тонолуп, экология ого бетер талкаланат. Биз жаратылышка каршы чыгып элдин, балдарыбыздын саламаттыгын садага чаап жатабыз. Кумтөр — бул рак, акырындык менен күчөп бара жатат. Аны азыр кесип алып салып, бул теманы жабышыбыз керек", — деди Сулайманов.

Анын ордуна эл өкүлү "дүйнө эли сыяктуу инновация жана башка тармактарды өнүктүрүп, акылдуу жаштардын "мээсин" пайдаланууга чакырды.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

0
Белгилер:
сунуш, Алтынбек Сулайманов, Кумтөр, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Кумтөр боюнча келишимдерге кол койгон аткаминерлердин тизмеси
Эки талапкер бар. "Кумтөр Голд Компани" ишканасын ким башкарышы мүмкүн