Уурдалган Данил тууралуу маалымат берген кыз сыйланды. Сүрөттөр

© Фото / Пресс-служба ГУВД Чуйской областиНаграждение ученицы школы-гимназии №4 Малики Усмановой
Награждение ученицы школы-гимназии №4 Малики Усмановой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук милициянын курамынын атынан алкыш айтылып, ага грамота жана белек тапшырылды.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кантта 12 жаштагы баланы уурдап кеткен фактыны тез арада класс жетекчисине кабарлап, кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөн мектеп окуучусу Малика Усманова сыйланды. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 11-апрель күнү Кант шаарында эртең менен 12 жаштагы Данил Браилкинди белгисиз адамдар уурдап кетип, ал кечки саат тогуздан өткөндөн кийин атайын операциянын аркасында табылган.

© Фото / Пресс-служба ГУВД Чуйской области Кантта 12 жаштагы баланы уурдап кеткен фактыны тез арада класс жетекчисине кабарлап, кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөн мектеп окуучусу Малика Усманова сыйланды
 Кантта 12 жаштагы баланы уурдап кеткен фактыны тез арада класс жетекчисине кабарлап, кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөн мектеп окуучусу Малика Усманова сыйланды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кантта 12 жаштагы баланы уурдап кеткен фактыны тез арада класс жетекчисине кабарлап, кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөн мектеп окуучусу Малика Усманова сыйланды
© Фото / Пресс-служба ГУВД Чуйской областиЭске салсак, 11-апрель күнү Кант шаарында эртең менен 12 жаштагы Данил Браилкинди белгисиз адамдар уурдап кетип, ал кечки саат тогуздан өткөндөн кийин атайын операциянын аркасында табылган.
Эске салсак, 11-апрель күнү Кант шаарында эртең менен 12 жаштагы Данил Браилкинди белгисиз адамдар уурдап кетип, ал кечки саат тогуздан өткөндөн кийин атайын операциянын аркасында табылган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эске салсак, 11-апрель күнү Кант шаарында эртең менен 12 жаштагы Данил Браилкинди белгисиз адамдар уурдап кетип, ал кечки саат тогуздан өткөндөн кийин атайын операциянын аркасында табылган.
1/2
Кантта 12 жаштагы баланы уурдап кеткен фактыны тез арада класс жетекчисине кабарлап, кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөн мектеп окуучусу Малика Усманова сыйланды
2/2
Эске салсак, 11-апрель күнү Кант шаарында эртең менен 12 жаштагы Данил Браилкинди белгисиз адамдар уурдап кетип, ал кечки саат тогуздан өткөндөн кийин атайын операциянын аркасында табылган.

Бүгүн, 15-апрелде, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кылмышкерлердин изине түшүүгө жардамдашкан 6-класстын окуучусу Малика Усманованы сыйлады. Азем аталган шаарда №4 мектепте окуучулардын, мугалимдердин катышуусунда өттү.

Облустук милициянын курамынын атынан алкыш айтылып, кызга грамота жана белек тапшырылды.

"Мындай учурлар өзгөчө мактоого арзыйт. Өспүрүмдөр жасаган эрдиктер, каарман иштерди коомго айтып-деп, маалымдап туруу зарыл. Өсүп келе жаткан муун тартиптүү жана үлгү боло турган мисалдар менен чоңойгону кажет", — деди облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов.

Шектүүлөр 12 жаштагы баланы эмнеге уурдашкан. Сурактын видеосу  - Sputnik Кыргызстан
Шектүүлөр 12 жаштагы баланы эмнеге уурдашкан. Сурактын видеосу
Буга чейин ИИМ Браилкинди тапкан милиция кызматкерлерин сыйлаган.

12 жаштагы баланын уурдалышы республика ичинде чагылгандай тарап, милиция кызматкерлери эле эмес, ыктыярчылардан түзүлгөн топ да издей баштаган. 11-апрель күнү эртең менен саат сегиздерде болгон бул окуя ошол эле күнү кечки саат тогуздардан өтүп, жакшы кабар менен аяктады. Канттык баланы криминалдык милициянын кызаматкерлери жана атайын даярдыктагы аскерлер Бишкектин түштүк жагындагы Панорама аймагындагы гараждын жер төлөсүнөн таап чыккан.

Уурдалган Данилдин атасы окуя тууралуу Sputnik Кыргызстандын журналисттерине айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0