Көркөмдөп муз тепкен кыргыз кызы Австрияны багындырууда. Атасы менен маек

© Фото / Капар НамазалиевКыргыз кызы Элес Намазалиева көркөмдөп муз тебүү боюнча Австриянын курама командасына кирди
Кыргыз кызы Элес Намазалиева көркөмдөп муз тебүү боюнча Австриянын курама командасына кирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз кызы Элес Намазалиева көркөмдөп муз тебүү боюнча Австриянын курама командасына кирди. Ал ошол жакта туулуп, төрт жашынан тарта муз үстүнө чыга баштаган. Учурда сегиз жашта, ата-энеси менен Линц шаарында жашайт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы таланты менен дүйнөлүк аренага кадам таштап жаткан Элестин атасы Капар Намазалиев менен баарлашты. Маек учурунда ал кантип Австрияда жашап калганын, Кудайдан тилеп, көптөн күткөн кызынын ийгилиги жана Кыргызстанга келүү кыялы тууралуу айтып берди.

— Кызыңыздын музга чыгып калышына эмне түрткү болду?

— 2015-жылы күзүндө Элес апасы менен автобустан "көркөмдөп муз тебүү курсуна чакырабыз" деген жарнаманы көрүп калган экен. Кызыгып, өзү барам деген. Башында эки ай курска катышты. Анан таланты, каалоосу бар экенин байкап спорт клубга чакырышты. Бир жылдан кийин Австриянын ичиндеги мелдештерге катыша баштады.

© Фото / Капар НамазалиевЭлес Намазалиева көркөмдөп муз тебүү боюнча Австриянын курама командасына кирген. Ал учурда ата-энеси менен Линц шаарында жашайт.
Көркөмдөп муз тепкен кыргыз кызы Австрияны багындырууда. Атасы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Элес Намазалиева көркөмдөп муз тебүү боюнча Австриянын курама командасына кирген. Ал учурда ата-энеси менен Линц шаарында жашайт.

— Окутуу, үйрөтүү кыйын болгон жокпу?

— Кызым 8 айлык болуп төрөлүп, беш жашка чейин так сүйлөй алчу эмес. Дарыгерлерге көрсөтсөк, "эрте төрөлгөнү үчүн тили кеч чыгат" деген. Төрт жашында курска алып барсак машыктыруучусу "бул эмне сүйлөбөйт, тил билбейби?" деп таң калган. Бирок муз аянтына биринчи чыкканда эле жыгылбай дароо чуркап кеткен. Ошентип кыйналбай эле үйрөнүп алды. Жерге караганда муз үстүндө эркин жүрөт. Негизи кызым мелдештерге катышат деп ойлогон эмеспиз. Өзү үчүн эле үйрөнүп алсын деген максатта берип, биринчи жылы саатына 5 евродон төлөчүбүз. Азыр саатына 25 евро, айына 450-500 евро болуп калат. Кийимдерин жарым жылда бир алабыз, ага 200-300 евро кетет. Орточо сапаттагы конькини 120 еврого алабыз.

— Элес кандай мелдештерге катышты? Жетишкен ийгиликтери менен бөлүшө кетсеңиз.

— Быйылкы сезондо сегиз мелдешке катыштык. Анын негизгилери төмөнкүлөр:

Австрияда облустар аралык чемпионатта 1-орун;

Спорттук клубдар арасындагы чемпионатта 1-орун;

Хипполит кубогунда 2-орун;

Словения өлкөсүнүн Любляна шаарында Триволи кубогунда 3-орунду ээлеген. Ушундан кийин Австриянын курама командасынан кирди.

Мындан сырткары, 2016-жылдан тарта ушул сыяктуу бир топ конкурстардан алдыңкы орундарды ээлеп, Хорватия, Италияга да барып келгенбиз.

— Австриянын курама командасына кирүү үчүн кандай тепкичтерди басып өтүү талап кылынды?

— Линц шаарындагы UEL деген спорттук клубда машыгып, мелдештерге ошол клубдун атынан барчу. Улуттук курамга тандоо туру башталганда Хорватиядагы мелдешке катышты. Андан кийин Словенияга барганда 20 упай алса кабыл алынат деген. Элес анда 24 упай менен үчүнчү орунду ээледи. Машыктыруучусу кабыл алынды деп жыргап, секирип аябай кубанды.

Баса, ошондо Кыргызстандын командасы да келген. Элес мекендештери менен атаандашкысы келди эле, жаш курагы боюнча дал келбей калды. Бирок желегибизди көтөрүп аларды колдоп турдук. Эки кыз алдыңкы орундарга жетишкен. Андан мурун клубдар аралык мелдеште Элес экинчи болгон, биринчи орунду алган кыздын апасы кыргыз, атасы орус экен. Быйыл Элес ошол кызды жеңди. Анан апасы келип таанышып "силер да кыргызсыңарбы?" деп жатпайбы...

Австриянын курама командасы жайкы лагерин, мелдешке катышса бүт чыгымын төлөп алып барып келет. Кызыбызга жумшаган эмгектин үзүрүн көрүп жатабыз десем болот. Мурда клуб мүчөлүк акыны гана төлөчү, калган жол кире, тамак-аш, жатакана чыгымдарды өзүбүз көтөрчүбүз. Улуттук командага киргенден кийин биринчи ирет Италияда өткөн дүйнө чемпионатына катышып келдик. Элес учурда өзүнүн категориясы боюнча Австриянын рейтингинде үчүнчү орунда турат. Эми олимпиадалык курама командага кирүүгө аракет кылып жатабыз.

© Фото / Капар НамазалиевЭлес Намазалиева учурда сегиз жашта. Муз үстүнө төрт жашында чыгып ийгилик жарата баштаган.
Көркөмдөп муз тепкен кыргыз кызы Австрияны багындырууда. Атасы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Элес Намазалиева учурда сегиз жашта. Муз үстүнө төрт жашында чыгып ийгилик жарата баштаган.

— Кызыңыз мектепке дагы барабы?

— Былтыр даярдоо курсуна барган. Быйыл 1-класста окуп жатат. Мелдештерге барганда түшүнүп, сабактан бошотуп турушат. Бирок тапшырма берет, аны ошол жактан аткарып келебиз. Кызым башка балдарга окшоп үйдө болуп телевизор көрүп отура албайт. Күнүгө эртең менен окуу, андан кийин машыгууга барабыз. Өзүм түндөсү иштейм, келип 4-5 саат уктап алып Элести мектептен алып эки-үч саат машыгууда болобуз. 17.00дө үйгө келип, тамак ичип алып кайра жумушка кетем. Бир гана жекшембиде эс алабыз. Ал эми каникулда күнүнө эртең менен саат 7:30дан кечки саат 17.00гө чейин машыгат.

© Фото / Капар НамазалиевКыргызстан бүт шартты түзүп берүүнү убадалап чакырса, келип өлкө атынан мелдештерге катышууга даяр экенин айтышты.
Көркөмдөп муз тепкен кыргыз кызы Австрияны багындырууда. Атасы менен маек - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан бүт шартты түзүп берүүнү убадалап чакырса, келип өлкө атынан мелдештерге катышууга даяр экенин айтышты.

— Кыргызстанга келип, өлкө атынан чыксаңар болобу?

— Албетте! Биз муну кыялданып жүрөбүз. Эгер Кыргызстан чакырса, барганга даярбыз. Бирок Австриядагыдай шарт түзүп бериши керек да. Биз дагы кызыбыздын Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгышын каалайбыз. Бул жакта анын ийгилигине сүйүнгөнүбүз менен баары бир жүрөктү өйүгөн ушул жагдай бар.

— Ошончо жумушуңузду таштап келгенге даярсыздарбы?

— Албетте, кызым үчүн баарына даярбыз. Жумушумду таштап кете берсем болот. Быйыл Канадага барып мыкты машыктыруучунун колуна берсек деп ойлоп жатабыз. Ал жерде казакстандык Элизабет Турсынбаева машыгып кеткен. Баса, анын да апасы кыргыз экенин жакында эле билдик. Азыр ал жакта россиялык Евгения Медведева машыгууда.

— Эми үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз? Автрияга кантип барып, орун-очок алып калгансыздар?

— Прага шаарында эки эжем үй-бүлөсү менен жашачу. 2003-жылы чакырып, келинчегим экөөбүз келдик. Жарым жылдан ашыгыраак жашап, андан ары Францияга баралы дегенбиз. Поезд менен жолдо баратып Австриянын Линц шаарына токтоп, бир аз убакытка калууну чечтик. Анан визага тапшырып жумушка орношуп калдык. Мен Кыргызстандын жаранымын, келинчегим, балдарым Австриянын жараны болуп калды.

Ал эми Элес көптөн күткөн кызыбыз. Улуу балам Султан 1995-жылы туулган. Кийин биз Европага келип иштеп калдык. Арадан 16 жыл өткөндөн кийин, жубайым 36 жашында Элести жарыкка алып келди. Дарыгерлерге барсак "жашың өтүп калыптыр, төрөй албайсың" дешкен. Бирок ага карабай Кудайдан тилеп күткөнбүз. Ошон үчүн атын Элес деп койдук. Андан кийин 2015-жылы дагы бир уулдуу болдук. Улуу балам азыр Линцте окуусун бүтүп, кесиби боюнча кагаз чыгаруучу фабрикада иштейт. Келинчегим Асел Жумагулова балык азыктарынын ресторанында кассир. Өзүм Мамлекеттик күзөт кызматында объектилерди кайтарам.

Жаңылыктар түрмөгү
0