Жээнбеков Нотр-Дам чиркөөсүнүн өрттөнүшү боюнча көңүл айтты

Жазылуу
Тилсиз жоо менен алышууга 400дөн ашык өрт өчүрүүчү тартылган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Париж шаарындагы Нотр-Дам чиркөөсүндө чыккан өрт боюнча көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолуккандан кийин Франциянын президенти Эмманюэль Макронго көңүл айтты.

"Нотр-Дам — бул дүйнө маданиятынын мурасы. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Франция элине көңүл айтуумду кабыл алыңыз", — деди Жээнбеков.

Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндө өрт 15-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:50дө башталып, тилсиз жоонун кесепетинен имараттын чатыры толугу менен урап түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 400дөн ашык өрт өчүрүүчү тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0